Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады. 

«Сизди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм. Ушул салтанаттуу күндө Жеңиш үчүн фронтто фашисттик баскынчыларга каршы эрдик менен күрөшкөн биздин ата-бабаларыбызды жана тылда жанын аябай эмгектенгендерди биз чексиз ыраазычылык менен эскеребиз.  Согуштук сыноо күндөрүндө  чыңдалган достук жана өз ара жардамдашуу каада-салты мындан ары да кыргыз-орус мамилелеринин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп белгиленет телеграммада.

Президент Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге чын жүрөктөн ыраазычылык жана урматтоо сөздөрүн билдирди. Бекем ден соолук, бакубаттуулук жана ийгилик, Кыргызстан элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

2019-жыл 9-май