Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын  Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.

«Баарыбыз үчүн ыйык ушул майрам күнү биз бардык ардагерлер алдында башыбызды ийип, таазим кылабыз. Биз кан майданда душман менен салгылашкан жоокерлерге жана ооруктун эмгекчилерине алардын кайратмандыгы жана эрдиги үчүн терең ыраазыбыз. Согуш талааларында баатырдык менен курман болгондордун ысымдарын сыймык менен эскеребиз. Улуу Жеңиш Күнү биздин элдерибиздин биримдигинин жана достугунун өлбөс-өчпөс символу болуп калат. Алардын биргелешкен күрөшү жана эрдиктери бизге тынчтык жашоону жана келечекти тартуулады», — деп белгиленет телеграммада.

Казакстандын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев согуштун жана эмгектин кайратман ардагерлерине Жеңиш үчүн ыраазычылык сөздөрүн, Кыргыз Республикасынын бир тууган элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун билдирди жана бекем ден соолук, гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

2019-жыл 9-май