Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

БАЭ Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Бириккен Араб Эмиратынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Жараткандан суранаарым, бул майрам Сизге бакыт, бекем ден соолук, боордош элге бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү, биздин араб жана ислам элдерине даңаза алып келсин», — деп айтылат БАЭ Президентинин куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 5-июнь