Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кувейттин Эмири Сахаб аль-Ахмад аль-Джабир аль-Сабах Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кувейт мамлекетинин Эмири Сахаб аль-Ахмад аль-Джабир аль-Сабах Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Ушул ай мусулман калкына тынчтык, жакшылык жана бакубатчылык алып келишин Кудайдан тилейм. Сизге бекем ден соолук, өлкөңүзгө жана элиңизге мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалайм», — деп белгиленген Кувейт Эмиринин куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 5-июнь