Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Монголия элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана сиз аркылуу Кыргызстандын элин улуттук майрам — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктайм.

Монголия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык биздин элдердин жалпы кызыкчылыгында ийгиликтүү өнүгүп жатканына ыраазымын.

Ушул жылдын июнь айында сиздин кооз өлкөңүзгө визит учурундагы жылуу кабыл алууңузга, Монголия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мындан аркы мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү Сиздин аракеттериңиз үчүн чын дилден ыраазычылыгымды билдирем.

Биргеликтеги аракеттер менен эки тараптуу кызматташтык алдыда биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыгындагы саясат, экономика, билим берүү, айыл чарба, маданият жана спорт тармактарында өнүгөт деп ишенем.

Сизге бекем ден соолук, бардык жакшылыктарды, элиңиздин жана өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн жооптуу ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине өсүп өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат телеграммада.

2019-жыл 31-август