Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Ата-бабаларыбыздан калган баалуу мурас — байыркы Нооруз майрамы бүгүнкү күндө жер жүзүнүн булуң-бурчундагы миллиондогон адамдар үчүн жаздын, жаратылыштагы жандануунун, достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана урматтоонун, жаратмандыктын жана ак ниеттүү тилектердин башталышы экенин кубануу менен белгилеп кетким келет.

Куттуу Нооруздун түбөлүктүү каада-салттарына негизделген эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуу мындан ары да кеңейип, тереңдеп, жаңы маани жана мазмуун менен толукталып, туруктуу өнүгө берет деп ишенемин», — деп белгиленет Тажикстандын Президентинин куттуктоосунда.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго ден-соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтыкты, бакубатчылыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

2021-жыл 21-март