Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сауд Арабия Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Сауд Арабия Королдугунун Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Сизге чын дилден чыккан куттуктоолорумду жана каалоолорумду чоң кубаныч менен жолдоп, бекем ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Өкмөткө жана боордош Кыргызстан элине мындан ары гүлдөп-өсүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоосунда.

Өз куттуктоосун ошондой эле, Сауд Арабиянын Мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд да жолдогон.

2021-жыл 21-март