Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Бул байыркы, кереметтүү жаз майрамы кыргыз маданиятынын бай тарыхый мурастарынын маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жаратылыштын жазгы жаңылануусунун күнү Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин жыргалчылыгы үчүн жаңы ири долбоорлордун өнүгүшүнө дем болуп берсин», — деп белгиленет куттуктоодо.

Михаил Мясникович Садыр Жапаровго жана анын жакындарына ден-соолук жана бакубат жашоо, ал эми Кыргызстан элине тынчтыкты, бакубатчылыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

2021-жыл 21-март