Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Нооруз — түрк элдеринин орток баалуулугу. Бул майрам эки элдин ортосундагы боордоштук жана достук мамилелерди бекемдеп, мындан ары өнүгүүгө жол ачат.
Биздин мамилелерибиз биргелешкен күч-аракеттерибиздин натыйжасында ырааттуу улана берерине чын дилимден ишенем. Ага эки элдин байыртадан эле бири-бирин колдоп, ынтымакта жашап келгени түрткү болмокчу», — деп белгиленет Багдад Амреевдин куттуктоосунда.