Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу банк секторунун кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө банк чөйрөсүнүн ролу чоң.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын экономикасы COVID-19 пандемиясынын терс таасирине карабастан өнүгүүсүн улантуу менен, дүйнөдөгү геосаясий жагдайга байланыштуу жаңы тоскоолдуктарга да дуушар болууда.   

Глобалдуу саясий жана экономикалык туруксуздук шартында Кыргызстандын финансы-кредит уюмдарынын ишиндеги негизги көрсөткүчтөрдүн бекемдиги жана туруктуулугу жалпы банк секторунун туруктуулугун сактоого шарт түзөт.  

Бүгүнкү күндө ар бир жаран үчүн кадимки жана санарип каналдар боюнча финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда, экономика тармактарын жана калкты өз учурунда каржылоого жөндөмдүү, туруктуу жана ишенимдүү системаны түзүүдө, ички финансылык ресурстарды натыйжалуу мобилизациялоодо жана калктын муктаждыгына жараша банк кызматтарын сунуштоодо банк секторунун өзгөчө  ролун белгилеп кетүүгө болот. 

Экономиканы колдоого жана калыбына келтирүүгө багытталган кризиске каршы чараларды ишке ашыруунун натыйжасында, кыска мөөнөттүү максат менен катар эле, узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүүчү жигердүү иштерди жүргүзүү зарыл. Экономиканын реалдуу секторун кредиттөөнү улантуу, карыз алуучулар жана аманатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, банк кызматтарынын сапатын жакшыртуу жана инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу улуттук төлөм системасын өнүктүрүү банк секторунун милдети болуп саналат. 

Учурда жаңы глобалдуу чакырыктарды эске алуу менен жашыл, санарип, креативдүү экономиканы өнүктүрүү, финансы рыногун трансформациялоо жана санарип валютаны киргизүү боюнча жаңы маселелерди чечүү алдында турабыз.

Ошондой эле банк секторунун кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө байланыштуу жана ишке болгон ак ниет, чыгармачыл мамилесинен улам, жарандардын финансылык көз карандысыздыгын жана мамлекеттин туруктуулугун бекемдөө боюнча негизги максаттарды жана милдеттерди ишке ашыра алабыз деп ишенем.

Урматтуу банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!»

2022-жыл 10-май