Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 20 жылдыгына байланыштуу куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 20 жылдыгына байланыштуу куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп белгиленет:

“Урматтуу  Алмазбек Шаршенович,

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 20 жылдыгына байланыштуу  чын дилимен чыккан куттуктоолорду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Өзбек жана кыргыз элин көп кылымдар бою достук жана жакшы коңшулаштык мамилелер, тарых менен маданияттын жалпылыгы, тилдердин, салт-санаалардын, үрп-адаттардын жакындыгы тыгыз байланыштырып, ар дайым эки тараптуу кызматташууну ырааттуу кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, регионубузда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого ишенимдүү негиз болгон жана мындан ары дагы боло бермекчи.

Мезгил сыноосунан өткөн өз ара урматтоо жана ишеним көрсөтүү мамилебиз мында ары дагы эки элдин кызыкчылыктарында, жемиштүү жана туруктуу мүнөзгө ээ болуп өнүгө берерине ишенем.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге чың ден соолук жана бардык ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине - гүлдөп өнүгүү жана прогресс каалайм.

Урматтоо менен,

Ислам Каримов

Өзбекстан Республикасынын Президенти”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

 

2013-жыл 18-февраль