Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдү реформалоонун жүрүшү тууралуу кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-ноябрда, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн реформалоонун жүрүшү тууралуу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Жаныбек Капаров жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Марат Кенжисариев катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Куралду Күчтөрүн реформалоонун жүрүшү  жана аскер түзүмдөрүн  бекемдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу  маалыматтарды укту.

Кеңешменин катышуучулары Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгы, ошондой эле өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргоо жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу  баяндап беришти.

Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн реформалоого, мамлекеттин аскердик потенциалын бекемдөөгө жана коргоо жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган  иш чаралардын комплексин сапаттуу ишке ашыруу зарыл экендигин баса белгиледи.

2015-жыл 27-ноябрь