Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-декабрда, өлкөнүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчысына саламаттык сактоо  системасында жүргүзүлүп жаткан  реформалар, медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле  түрдүү оорулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Саламаттык сактоо министри ошондой эле Кыргызстанда  дары-дармек каражаттары, медициналык техникалар жана кызматтар тууралуу Улуттук маалыматтар базасын киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди. Улуттук маалыматтар базасы дары каражаттарынын рыногундагы кырдаалды талдап турууга, дарылардын кандайча падаланылып жаткандыгын так  эсепке алууга жана аларга коюлган бааларды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет.

Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөдө медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын реалдуу жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында саламаттык сактоо тармагында реформаны натыйжалуу ишке ашыруу зарыл экендигин  белгиледи.

2015-жыл 3-декабрь