Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-апрелде өлкөнүн Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу маалымат берилди.

Улукбек Марипов мамлекеттик аудит системасын мындан ары реформалоо,  республикалык бюджеттин каражаттарын пландоонун жана пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн көзөмөлдөө иш чараларынын сапатын арттыруу пландары, андан тышкары аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү, мамлекеттик аудит системасында коррупциялык тобокелдиктерди жоюу  боюнча жасалып жаткан иштер тууралу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик каражаттарды сарамжал жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча аудитти сапаттуу ишке ашыруу боюнча Эсептөө палатасынын алдында маанилүү милдеттер турганын белгиледи.

2016-жыл 1-апрель