Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмирлигинин энергетика министри Сухейл Мохамед Фарадж Аль Мазруи баштаган делегация менен жолукту

Кыргыз Республикасыны Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-апрелде  Бириккен Араб Эмирлигинин энергетика министри Сухейл Мохамед Фарадж Аль Мазруи баштаган Бириккен Араб Эмирлигинин делегациясы менен жолукту.

Мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмирлигинин делегациясын жылуу кабыл алып, БАЭнин инвестициялык өкүлдөрүнүн Кыргызстанга көптөн бери күтүлгөн сапары эки өлкө ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын жарчысы болуу менен, биргелешкен долбоорлорго жол саларына үмүт артарын билдирди.

Өз кезегинде БАЭнин  энергетика министри Сухейл Мухаммед Фараджи Аль-Мазруи өзү жетектеп келген делегация Кыргызстанга сапарга өтө дыкаттык менен камданганын белгиледи. «29 адам кирген биздин делегацияга өлкөдөгү эң ири компаниялардын өкүлдөрүн киргизүүгө аракет кылдык», - деди ал.

«Биздин иш сапардын максаты – соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу. Бириккен Араб Эмирлигине иш сапарыӊыздын маалында сиз көӊүл бурган эки тараптуу өнөктөштүктүн чөйрөлөрү биз үчүн маанилүү. Бул айыл чарба жана мал чарбачылыгы, андан тышкары инфраструктура чөйрөсү болуп саналат», – деп белгиледи Сухейл Мухаммед Фараджи Аль-Мазруи.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын орчундуу багыттары, биринчи кезекте соода-экономикалык чөйрөдө, жеӊил жана кайра иштетүү тармагында жана айыл чарбасында биргелешкен аракеттерди жандантуу зарылдыгы айтылды.

Учурдан пайдаланып, Президент Алмазбек Атамбаев делегация мүчөлөрүн  быйыл сентябрда Ысык-Көл облусунда өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына келип катышууга чакырды.

Сухейл Мухаммед Фараджи Аль-Мазруи Президент Алмазбек Атамбаевге  Бириккен Араб Эмирлигинин Президенти Халиф ибн Зайд Аль Нахайяндын жылуу саламын жана каалоо-тилектерин жолдоду.

Бириккен Араб Эмирлигинин инвестициялык делегациясынын иш сапары  Президент Алмазбек Атамбаевдин Бириккен Араб Эмирлигине 2014-жылдагы расмий иш сапары маалында  жетишилген макулдашуулардын алкагында өтүп жатат.

2016-жыл 15-апрель