Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды колдоо мекемелерине материалдык жардамдарды берди

2-декабрда, майыптардын эл аралык күнү алдында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды колдоо мекемелерине акчалай каражаттардын сертификаттары салтанаттуу тапшырылды.

Өлкөдөгү социалдык мекемелердин чакырылган жетекчилеринин алдында сүйлөгөн  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Фарид Ниязов майыптардын салттуу эл аралык күнүндө жолугушуулар оор тагдырга кабылган жарандарыбыздын кайсы проблемалары чечилип, кайсылары чечилбей жатканы тууралу сүйлөшүүгө себеп болуп саналарын белгиледи.  

«Өлкөбүздө ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар саны 172 миӊден ашык, бул сандын артында оорукчандардын, алардын туугандары менен жакындарынын түйшүгү жатат. Соӊку жылдары биздин өлкөбүз улам турукташкан сайын социалдык аялуу мекендештерибиздин көйгөйлөрүнө көңүл бурула баштады. Коомчулуктун да мындай категориядагы адамдарга мамилеси жакшырып баратат», - деди Фарид Ниязов.

Кийинки кезде адамдарыбыздын майыптарга мамилеси өзгөрүп, айрыкча тубаса оор дарттарга кабылгандарга каралашкандар саны арбыды. Мындай балдардын арасында таланттуулар көп, ошондуктан алардын окуусуна, кызматтан көтөрүлүшүнө кол кабыш кылуу абзел.

Президенттик Аппараттын жетекчиси мамлекет бекемделген сайын ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга камкордук арта берерин белгиледи.

«Тагдыр жазмышы менен оор абалга кириптер болгон ар бир жаран өз дараметин, жөндөмүн толук ачышы үчүн бардык шарттарды түзүү керектигин Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөттөн талап кылып жатат. Алардын арасында абдан таланттуу адамдар көп. Ошол талант жок болуп кетпей, кенен ачылышына шарт түзүү – баарыбыздын парзыбыз», - деди Фарид Ниязов. 

Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, Президенттик билим берүү фондунан эң зарыл нерселерди сатып алуу үчүн ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын 15 мектеп-интернатынын ар бирине 100 миӊден 350 миӊ сомго чейин акча – бардыгы  3 000 000 (үч миллион сом) бөлүндү.

Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлигинин беш реабилитациялык борборуна зарыл тиричилик шаймандары менен буюмдарын сатып алууга 500 миӊден бир миллион төрт жүз жыйырма эки миӊ сомго чейин – бардыгы  4 572 000 (төрт миллион беш жүз жетимиш эки миӊ сом) бөлүндү. 

Балдар церебралдык параличи бар балдарга атайын коляскаларды сатып алуу үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 3 000 000 (үч миллион) сом бөлүндү.

Балдар церебралдык параличи бар балдардын «Умай Эне» адаптациялоо жана өнүгүү күндүзгү борборуна зарыл шаймандар менен буюмдарды сатып алуу үчүн  150 000 (жүз элүү миң) сомдук финансы жардамы каралды. Мурда азиздер жана дүлөйлөр коомуна музыкалык жана спорттук шаймандарды сатып алуу үчүн 750 000 (жети элүү жүз миң) сом бөлүнгөн.

Көӊүл буруп, камкордук көргөндүгү үчүн мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын атынан  ыраазылыгын билдиришти.

2016-жыл 2-декабрь