“Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгына байланыштуу айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”   конституциялык мыйзамдын жана  “Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип  комиссиясы жөнүндө” мыйзам менен бир тутумда кабыл алынган.

Мыйзамдардын өз ара байланышын камсыз кылуу, сот системасынын  маселелерин жөнгө салуу, карама каршылыктарды жокко чыгаруу, айрым боштуктарды толуктоо максатында  Административдик-процесстик кодекске, Жазык-процесстик кодекске, “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, ”Кыргыз Ресубликасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттун судьялары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

31-июль, 2017-жыл
Басып чыгаруу