“Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 28-июнунда кабыл алынган. 

2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу конституциялык орган - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы – көз карандысыз коллегиалдуу орган түзүлгөн. Ал органга судьяларды тартип жоопкерчилиги, тартип бузуу жоруктарын жасагандыгы үчүн судьяларга карата тартип жазаларын кароо, судьяларды сот тартибинде берилүүчү жазыктык жана административдик жоопкерчиликке тартуу, судьяларды жазыктык жоопкерчиликке тартууга макулдук берилген учурда аны кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө макулдук берүү, Кыргыз Республикасынын Президентине судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуш киргизүү маселелерин кароого укук ыйгарылган.

Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын статусу, уюмду түзүү тартиби, анын ишин уюштуруу  жана ишмердиги  жана судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби аныкталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

31-июль, 2017-жыл
Басып чыгаруу