Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Каирдеги терактынын кесепетинен көп адамдар курман болгондугуна байланыштуу Египет Президенти Абдель Фаттах Аль-Сисиге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Каирдеги терактынын кесепетинен көп адамдар курман болгондугуна байланыштуу Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль-Сисиге көңүл айтты.

«Кыргызстан бардык түрдөгү терроризмди чечкиндүү айыптайт жана эл аралык коомчулуктун бул коркунучка каршы туруу аракеттерин колдойт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

2016-жыл 12-декабрь