Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 24-ноябрында кабыл алынган.

Референдумдарга даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө байланыштуу сатып алууларды жүргүзүү маселелерин өз убагында чечүү максатында кабыл алынган Мыйзамда мөөнөтүнөн мурдагы шайлоолор жана референдумдар өткөн учурда сатып алуучу уюмдарга түз келишимдерди түзүү ыкмасы менен сатып алууларды жүргүзүү укугу берилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, күчүнө кирет.

2016-жыл 12-декабрь