Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Принц Карим Ага Хан IVнү туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Принц Карим Ага Хан IVнү туулган күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

«Сиздин 80 жылдык юбилейиӊизге байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоомду кабыл алыӊыз! Сиздин жакындагы Кыргыз Республикасына визитиӊиздин маалында биздин Бишкектеги кездешүүбүздү жылуу сезим менен эстейм.  Сиз социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү, калктын эң аярлуу катмарларынын турмуш шарттарын жакшыртуу үчүн оорчулуктарды жеӊүү жолунда асыл аракеттерге өмүрү менен ишин арнаган көрүнүктүү инсандар катарында турасыз.

Ага Хан уюмунун Кыргыз Республикасындагы жүзөгө ашырып жаткан өнүктүрүү долбоорлору  биздин мамлекеттин өргө карай өнүгүшүнө оӊ таасирин тийгизип жатканы шексиз.

Сиздин жеке салымыӊыздын аркасында мына жакында эле Нарын шаарында Борбор Азия университетинин биринчи кампусу ачылды. Университет Кыргыз Республикасында гана эмес, бүт региондо алдыӊкы окуу жайы болуп калат деп тереӊ ишенем.

Бул даӊазалуу күнү чын ниетимден Сизге бекем ден соолук, асыл ишиӊизге ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакыбаттыкты каалоого ыракым этиӊиз.

Урматтоом менен,        

Алмазбек Атамбаев».

2016-жыл 13-декабрь