Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-декабрда өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы жакында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана референдумдун жүрүшүндө белгиленген шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Индира Жолдубаева мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жана андай учурларда өз убагында мыйзам чегинде чара көрүү максатында жер жөнүндө жана шаар куруу мыйзамдарынын  так сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлгөнүн Президентке баяндады.

Президент Алмазбек Атамбаев тартиптүүлүктү жана мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгиледи жана Башкы прокуратурага кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишти күчөтүүгө, ошондой эле превентивдүү чаралардын натыйжалуугун арттырууга тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

2016-жыл 13-декабрь