Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ороз Акунов өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү соттун судьялык кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Соттор кеӊешинин сунушу менен жана  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  95-беренесинин  5-бөлүгүнө жана 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык токтом кылынат:

Акунов Ороз Жолдошбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Балыкчы гарнизонунун Аскер сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2016-жыл 14-декабрь