Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын Президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземи өткөрүлдү

Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземи бүгүн, 24-ноябрда, “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясындагы  “Эне-сай” кабыл алуу үйүндө өткөрүлдү.

 Инаугурация салтанатында  Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элине  ант берди, ага Мамлекет башчысынын күбөлүгү, Төш белгиси жана Штандарты тапшырылды.

Андан  кийин  ал инаугурациялык сөз  сүйлөдү. Кыргызстан элине кайрылуу  менен жана  шайланган Президентке жолдомо сөз менен Президент Алмазбек Атамбаев чыгып сүйлөдү.

 Андан  кийин Сооронбай Жээнбеков менен  Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына багыт алышты, ал жерде Ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

 Андан соң алар Мамлекет башчысынын жумушчу кабинетине барышат.

 Инаугурация аземине  450 адам, анын ичинде Кыргызстандын Баатырлары, коомчулуктун, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

 

2017-жыл 24-ноябрь