Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасынын 3-фазасын даярдоо үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен келишим катты ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 13- июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасынын 3-фазасын (CARs-3) (TF0A4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбор Азия региондорунда потенциалды өнүктүрүү Трасттык фондунун алкагында берилүүчү грант жөнүндө келишим катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.
Сунушталган БА ЖКЖП-3 долбоорунун максаты - эл аралык туристтик кызматтарды жана Ысык-Көл облусунда өндүрүлгөн продукцияларды негизги базарларга, атап айтканда, Казахстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Кытайдын жана башка кошуна өлкөлөрдүн базарларына жеткирүү үчүн Ысык-Көл облусун кошуна өлкөлөр менен болгон байланышын жакшыртуу .
Гранттык каражаттар «Каракол» жана «Ысык-Көл» (Тамчы) эл аралык аэропорттору үчүн техникалык-экономикалык негиздемени жана ушул аэропорттордун инфраструктураларын модернизациялоо үчүн техникалык долбоорлорду даярдоо, ошондой эле тендердик документтерди даярдоо жана коргонуу чаралары боюнча документтерди, айлана чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө болгон таасирди баалоону бүтүрүү үчүн тартылган консультациялык кызматтарга сарпталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

19-декабрь, 2017-жыл
Басып чыгаруу