Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 2-ноябрында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - мамлекеттик сырлардын сакталышына багытталган натыйжалуу системаны жана шарттарды түзүү.
Мыйзамдын милдети - тышкы жана ички саясат, социалдык блок, аскердик жана техникалык дарамет, экономика жаатындагы мамлекеттик сырлардан көрүнүүчү мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо, мамлекеттик сырларды коргоо маселелериндеги жалпы багытты аныктоочу жоболорду белгилөө.
Чектеш мамлекеттердин мамлекеттик сырлар жөнүндө мыйзамдары менен айрым концепциялык айырмачылыктарды жоюу, ошону менен бирге аларга жакындашуу максатында жаӊы мыйзам долбоорунда ал мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын 16.06.2003-ж. № 21-10 токтому менен кабыл алынган “Мамлекеттик сырлар жөнүндө” моделдик Мыйзамда колдонулган терминдер пайдаланылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 19-декабрь