Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банктын) менен «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду» каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо боюнча Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду» (кредит 5918-KG, грант D147-KG) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу долбоорунун максаты:

-тоют өндүрүү, ветеринардык кызматты өнүктүрүү аркылуу Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө жетишүүгө көмөктөшүү, ошондой эле  фермерлер үчүн инвестициялык колдоо;

- сүт азыктарын коңшу мамлекеттерге (Россия жана Казакстан) экспорттоо мүмкүнчүлүгүн  жакшыртууга көмөктөшүү;

- сүт азыктарын өнүктүрүүгө адистешкен  фермерлердин кирешелерин көбөйтүү жана жаңы жумушчу орундарын түзүү.

Долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көл облусунда фермерлердин потенциалын арттырууну  жана  сүт азыктарын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү камсыз кылып, фермерлерге долбоорду ишке ашыруу процессинде гана эмес, ал аяктагандан кийин дагы сүт азыктарын өндүрүп сатуу тизмегине катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

30-декабрь, 2017-жыл
Басып чыгаруу