Өзбекстан Өкмөтү менен Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 28-декабрында кабыл алынган.

Макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануунун тартибин белгилейт жана суу сактагычты эксплуатациялоого жана техникалык күтүүгө кеткен финансылык чыгымдар маселесин жөнгө салат.

Ошондой эле, Макулдашууда суу сактагычтын иштөө режимин жана суу алуу лимиттерин белгилөө, суу сактагычты эксплуатациялоого жана техникалык күтүүгө зарыл болгон керектөөлөрдүн көлөмүн аныктоо негизги милдети болуп эсептелинген дайыма иштөөчү Комиссияны түзүү көрсөтүлгөн жана Тараптардын суу сактагычта өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда иш жүргүзүү тартиби аныкталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

1-февраль, 2018-жыл
Басып чыгаруу