Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Жеңиш аянтындагы эскерүү митингине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында өткөн эскерүү митингине катышты.

Мамлекет башчысы Түбөлүк отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерди.

Жеңиш аянтында Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу парады болуп, анын соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен баарлашып, аллеяда бир аз сейилдеди.

2018-жыл 9-май