Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджетинин негизги параметрлерин тактоо.

Ушул багытта кабыл алынган Мыйзам менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети кирешелер боюнча 14 818,8 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 14 340,5 млн. сом суммасында бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 28-январь