Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан 2019-жылдын 16-январында кабыл алынган.

Мыйзам өз ченемдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келтирүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө укуктук мамилелерди жөнгө салган карама-каршылыктарды четтетүү максатында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 5-март