Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 8-майында кабыл алынган.

Ысытылган тамекиси бар буюмдарга жана электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн никотин камтыган суюктуктарга акциз салыкты киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 18-июнь