Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор киргизилди

2013-жылдын 16-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Президенти Алмазбек Атамбаев «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты климаттын өзгөрүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине ылайык «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынөркүндөтүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлаштыруу боюнча аракеттерди укуктук камсыздоо болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 17-май