Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыктары

2013-жылдын 27-28-майында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргыз Республикасына расмий сапары болуп өттү.

2013-жылдын 27-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен тар чөйрөдө жолугушту.

Жылуу кабыл алуу үчүн ыраазылыгын билдирип, Эмомали Рахмон бул сапарга чоң маани берерин жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечектерин талкуулоого үмүттөнөрүн белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда кыргыз-тажик өз ара карым-катышын ар тараптуу кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн күч-аракеттерди жумшоо ниеттерин белгилешти.

Андан кийин, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку Мамлекеттер аралык координациялык кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү.

“Бул саясий иш чара эки тараптуу кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүүгө биздин эки тараптын тең умтулуусун көрсөтөт. Бул сапар өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгында өтүп жатканы өзүнчө жөрөлгөлүү. 6 жылдык тыныгуудан кийин биз мамилелерибизди кайрадан жандандырып жатабыз”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Өз кезегинде Эмомали Рахмон жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Тажикстан бул сапарды акыркы  беш жылдын аралыгында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жогорку деңгээлден баа берүүгө жакшы шарт түзөт деп эсептээрин белгиледи.

“Биз үчүн бул сапар өз ара кызматташуунун жакшы жолдорун белгилеп алуунун мыкты мүмкүнчүлүгү. Келечекти аныктап, эки тараптуу мамилелердин эң актуалдуу маселелери боюнча, анын ичинде саясый, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө позицияларыбызды ырастап алууга жакшы шарт түзүлдү”,- деди Тажикстандын Президенти.

“Абдан пайдалуу сүйлөшүүлөр болду. Кыргыз-тажик мамилелери туруктуу жана ыкчам өнүгүп жатат. Бирок али да болсо пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөр бар. Биз мына ушул маселелердин бардыгын Мамлекеттер аралык Координациялык кеңештин алкагында комплекстүү карайбыз деп турабыз. Анын ишмердиги абдан жакшы натыйжаларды берет деп ишенебиз”,- деп баса белгиледи Эмомали Рахмон.

Жогорку Мамлекеттер аралык координациялык кеңештин биринчи отурумунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон төмөнкү документтерге кол коюшту:

  • “Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтык жөнүндө” чечим;
  • “Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссиянын иши жөнүндө” чечим;
  • «Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан» темир жол курулушунун долбоору жөнүндө” чечим.
  •  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун биргелешкен билдирүүсү.

Ошондой эле кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкү Макулдашууларга кол коюлду:  

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жарандык коргонуу (коргоо), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстан Республикасынын Аттестациялык комиссиясынын ортосунда жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо боюнча жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дене тарбиясы жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

- Эки мамлекеттин бажы кызматтарынын  ортосунда Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда  товарларды ташуу жана аларды бажылык  тариздөө жөнүндө маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө протокол.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда байланыш жана маалыматтык технологиялар тармактарында  кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда эл аралык автомобиль транспорту жөнүндө макулдашуу.

Андан соң Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

2013-жылдын 28-майында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон өзүнүн сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асилбек Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле Эмомали Рахмон Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтындагы  Түбөлүк отко гүлчамбар койду. 

 

31-май, 2013-жыл
Басып чыгаруу