Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары

2013-жылдын 10-сентябрынын кечинде, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына келди.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди тосуп алуу салтанаты

Эл аралык “Манас” аэропортунда  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди тосуп алуу салтанаты болуп өттү.

Флагштоктордо Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын  мамлекеттик желектери бийик көтөрүлдү, Ардактуу күзөт коюлуп, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тар чөйрөдө сүйлөшүштү

Бүгүн, 2013-жылдын 11-сентябрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүштү.

Президент Алмазбек Атамбаев КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинди кыргыз жергесинде жылуу тосуп алды. “Биз Кытай менен болгон мамилелерге абдан чоң маани беребиз жана сиздин шайланууңуз менен биздин эки тараптуу мамилелерибизди өнүктүрүүнүн абдан чоң келечектерин байланыштыруудабыз. Кытай биз үчүн абдан ишенимдүү жана кыйышпас коңшу болуп саналат. Биз Кытайдын колдоосун дайыма туюп, Кытай бизге экономиканы өнүктүрүүдө кандай жардам берип жатканын сезип турабыз”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга келгенине, ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев менен жеке таанышканына абдан кубанычта экендигин белгиледи. “Бул менин сиздердин өлкөгө биринчи сапарым жана мен анын жыйынтыктары боюнча сиздер менен жакшы ишкер мамиле түзүп жана бекем жеке дос болгум келет. Мен ошондой эле сиздер менен бирдикте биздин мамилелерибизди жаңы бийик деңгээлге алып чыгуу үчүн болгон күч-аракетимди жумшоого даярмын”, - деп айтты Си Цзиньпин.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин кеңейтилген курамда сүйлөшүштү

Бүгүн, 2013-жылдын 11-сентябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин кеңейтилген курамдасүйлөшүштү.

Президент Алмазбек Атамбаев КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин баш болгон жогорку делегациянын мүчөлөрү менен кыргыз жергесинде амандашып, Кыргызстан Кытай лидеринин мамлекеттик сапарына, ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин отурумуна анын катышуусуна эң чоң маани берерин белгиледи.

“Кытай Кыргызстандын алака-катышыбыз тарых менен текшерилген ишенимдүү, жакшы коңшусу болуп саналат. Мен биздин эки тараптуу мамилелерибизди өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча  сиздердин берген бааларыңыз жана көз карашыңыз үчүн ыраазымын. Биз кытай элине, ошондой эле өлкө жетекчилигине биздин өлкөбүздө дайыма сезилип турган туруктуу саясий жана экономикалык колдоосу үчүн терең ыраазылык билдиребиз”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев КЭРдин Төрагасынын Кыргызстанга мамлекеттик сапары эки өлкөнүн өз ара мамилелеринин тарыхында жаңы этапты ачарына ишенгендигин билдирди. “Биздин эки тараптуу мамилелерибиз стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чейин көтөрүлүүдө. Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда биздин мамилелерибизге тоскоол жарата ала турган кандайдыр бир принципиалдуу талаш маселелер жок. Буга биз тар чөйрөдөгү олуттуу аңгемелешүү учурунда дагы бир ирет ынандык”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын Президентинин сөздөрү боюнча биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин артыкчылыктуу багыты соода-экономикалык байланыштар болуп саналат. “Бул жагдайда биз КЭРдин Төрагасынын Улуу Жибек жолу биргелешкен экономикалык аймагын түзүү боюнча демилгесин толугу менен колдойбуз”, - деп айтты Кыргызстандын Президенти.

“Биз ошондой эле аны Өкмөттөр аралык комитет кылып кайра түзүү менен Өкмөттөр аралык комиссиянын иши жакшыртууну көздөйбүз. Ага караштуу биргелешкен комитетчелер түзүлмөкчү”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү багыты коопсуздук жаатындагы карым-катыш экендигин белгиледи. “Биз Кытай жетекчилигинин бул үч жамандыктын көрүнүштөрү менен күрөшүүдөгү күч-аракетин колдоо менен терроризмдин, экстремизмдин жана сепаратизмдин ар кандай формаларын жектейбиз”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз сөзүн жыйынтыктап жатып Президент Кыргызстан Кытай менен ишенимдүү, достук жана өнөктөштүк мамилелерин жогору бааларын жана аларды стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүү үчүн болгон күч-аракетин жумшаарын белгиледи.

Өз кезегинде КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазылык билдирди, ошондой эле Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенине абдан кубанычта экендигин белгиледи. “Сиз аркылуу мен кыргызстандыктарга бүткүл кытай элинин атынан чын дилден чоң салам айткым келет. Өлкөлөрүбүз ортосунда жогорку деңгээлдеги саясый жана гуманитардык алака-катыш орноду”, - деп айтты Си Цзиньпин.

КЭРдин Төрагасы ошондой эле аймактык коопсуздукту чыңдоо ишинде кытай жана кыргыз тараптардын умтулууларынын окшоштугун белгиледи.

Эки тараптуу документтерге кол коюу аземи

Атап айтсак, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техника-экономикалык кызматташтык боюнча макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө автомобилдерди кабыл алуу-берүү актысы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда «Кыргызстан-Кытай» газтүтүгүн куруудагы жана пайдаланууга берүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- КР саламаттык сактоо министрлиги жана КЭРдин кытай салттуу медицинасы боюнча Мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда кытай салттуу медицинасы жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен КЭР Эксимбанкынын ортосунда Бишкек шаарынын ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоо боюнча, ошондой эле Түндүк-Түштүк автожолунун курулушу боюнча насыялык макулдашуулар;

- Кыргыз Республикасынын РСК Банкы менен КЭРдин Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 10 млн АКШ долларын жаңы салуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларациясы; 

- «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасы менен ШКУ салттуу медицинасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча Кытай ассоциациясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- Кубаттуулугу жылына 800 миң тонна болгон “Кыргыз мунайды кайра иштетүү заводу” обьектиси боюнча “Шенси көмүр-химия өнөр жай корпорациясы” ЖЧКсы, “Жунда Чайна Петроль компани” ЖЧКсы жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы жөнүндө алкактык макулдашуу.

Мамлекет башчыларынын пресса үчүн билдирүүсү

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Алмазбек Атамбаев менен Цзиньпин пресса үчүн билдирүү жасашты.

“Биздин жолугушууларыбыздын башкы жыйынтыгы эки тараптуу мамилелердин деңгээлин стратегиялык өнөктөштүккө чейин көтөрүү жөнүндө чечим болду. Биз бул биздин жалпы таламдарга гана жооп берип жана эки өлкө менен элдерди биргелешип өнүктүрүү менен гүлдөп-өсүүсүнө өбөлгө түзбөстөн, ошондой эле регионалдык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо жана ошондой эле ааламдашуу көйгөйлөрү менен коркунучтарына каршы туруу ишине салым кошору менен макул болдук. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн учурунда өзгөчө көңүл соода-экономикалык өз ара катышка, Кыргызстандын экономикасына кытайлык ири инвестицияларды алып келүүгө бурулду. Эки өлкөнүн ортосундагы алака-катыштын деңгээлин жогорулатуу иш жүзүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн таасирдүү чараларды кабыл алуу боюнча жаңы милдеттенмелерди карары адилет белгиленди”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Бул жагдайда, Президент Алмазбек Атамбаев баса көрсөткөндөй, Кыргызстан КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин Улуу Жибек жолу биргелешкен экономикалык аймагын түзүү боюнча демилгесин толугу менен колдойт.

“Азыркы учурда тараптар “Кыргызстандын түштүгүндө электр өткөргүч линияларын модернизациялоо” долбоорун ийгиликтүү бүткөрүштү, бүгүн биз энергетика, транспорттук коммуникация, социалдык обьекттерди куруу жаатында ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууда жакшы натыйжаларга жетишкенибизди белгилей кетким келет. Бул долбоорлорду жүзөгө ашыруу Кыргызстан үчүн социалдык чоң мааниге ээ экендигин да белгилей кетүү зарыл. Бир эле учурда биз жаңы ири биргелешкен долбоорлорду баштоонун босогосунда турабыз. Биз ошондой эле коопсуздук жана “жамандыктын үч күчү” менен биргелешип күрөшүү жаатындагы өз ара мамилелердин маселелерин, регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерди, ШКУ линиясы боюнча кызматташууну талкууладык. Бул маселелер өлкөлөрүбүздү өнүктүрүү үчүн кыйла деңгээлде шарттарды аныктайт”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы КЭРдин Төрагасынын Кыргызстанга мамлекеттик сапары, сөзсүз, биздин эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү тарыхында жаңы баракты ачкандыгын белгиледи. “Биз биздин эки тараптуу мамилелерибизде тарыхый окуялардын босогосунда турабыз. Биздин мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине өтүүдө”, - деп жыйынтыктады Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугун белгиледи.

“Биз жогорку түшүнүшүүгө жеттик. 21 жыл ичиндеги биздин кызматташтыгыбызды жалпыладык. Биз биздин өз ара мамилелерибизди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чейин көтөрүүнү чечтик. Бул биздин достук мамилелерибиздин тастыкталышы. Азыр эле документтердин чоң пакетине кол коюлду. Мен Жибек жолунун экономикалык тилкесин түзүү жөнүндө демилгени көтөрүп чыктым. Биргелешкен күч-аракеттер менен ал сөзсүз түзүлөт. Мен келечекте Улуу Жибек жолу жакшы натыйжа берерине ишенем”, - деп баса белгиледи Си Цзиньпин.

КЭРдин Төрагасы ошондой эле Кыргызстандын ШКУга төрагалыгын жогору баалады. “Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрага катары өз милдеттерин эң жогорку деңгээлде аткарып жатат”, - деп баса белгиледи Си Цзиньпин.

КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди КЭРге мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө расмий чакырды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев чакырууну кабыл алды.

 

11-сентябрь, 2013-жыл
Басып чыгаруу