ШКУ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын 13-Саммитинин жыйынтыктары

2013-жылдын 13-сентябрында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Саммитинин XIII отуруму башталды.

ШКУга мүчө-мамлекетеринин Башчыларынын Саммитине Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон катышууда.

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө-мамлекетеринин Башчыларын Президент Алмазбек Атамбаев тосуп алды.

Биргелешкен сүрөткө түшүү иш-чарасынан кийин Мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү жолугушууга киришти.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отуруму

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отуруму болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өткөн жолугушууда Бишкекке келген ШКУга мүчө-мамлекеттеринин бардык делегациялары катышууда.

Өз сөзүндө Кыргызстан Президенти кесиптештери менен учурашуудан соң, Бишкектеги ШКУ Саммитинин жүрүшүндө Уюмдун алкагындагы кызматташуунун ар кандай жагдайлары боюнча маанилүү маселелер талкуулана турганын белгиледи. “Биздин бүгүнкү ишибиз жемиштүү жана натыйжалуу болот деген ишенимдемин”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары Саммиттин белгиленген күн тартибин, кол коюуга даярдалган иш кагаздардын тизмесин талкуулашты, ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кийинки отуруму кайда болоорун пландашты.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Тажикстан Республикасына жана Президент Эмомали Рахмонго ШКУдагы алдыдагы төрагалыгына ийгилик каалады.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кеңейтилген курамдагы отуруму

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өтүп жаткан жолугушууда бардык ШКУга мүчө-мамлекеттеринин жана байкоочу-мамлекеттердин делегациялары катышууда.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Саммиттин иши жемиштүү жана натыйжалуу болооруна ишенимин билдирди. Ал ошондой эле Тажикстан Республикасына жана Президент Эмомали Рахмонго алдыдагы ШКУда төрагалык кылуусуна ийгилик каалады.

Алмазбек Атамбаев белгилегендей, ШКУда төрагалык кылган убагында Кыргыз Республикасы өзүнүн алдына Уюмдун биринчи кезекте чечилүүчү маселелерин жана анын андан аркы өнүгүүсүн иш жүзүнө ашырууну максат катары койгон.

Мамлекет башчысы Уюм боюнча бардык өнөктөштөргө кыргыз тарапка төрагалык кылган учурундагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. “Уюмдун өткөн жыл ичинде аткарган ишинин негизги натыйжалары жана ШКУ мейкиндигинде жана жалпысынан бүт дүйнөдөгү кырдаал тууралуу айтып жатып, региондо жана бүт дүйнө жүзүндө абал татаал бойдон калып жатканын моюнга алуу керек. Жакынкы Чыгыштагы, өзгөчө Сирия, Түндүк Африкадагы кырдаалдын курчушу тынчсызданууну жаратууда. Кыргыз Республикасы ШКУ боюнча өнөктөрдүн позицияларын тең бөлүшөт жана бул региондогу тынчтыкка жана туруктуулукка саясий-дипломатиялык каражаттар аркылуу жетишүү керектигин колдойт”, - деди Кыргызстандын Президенти.

Ошону менен бирге, Алмазбек Атамбаев белгилегендей, региондогу коопсуздукту камсыздоо маселесинде бүгүнкү күнгө дейре Афганистан тараптан болуп жаткан коркунучтарды жоюу негизги фактор бойдон калууда. “Коопсуздукту камсыздоодо Эл аралык күчтөрдүн аскердик күчтөрүнүн кыйла кыскартуу өңүтүндө бул өлкөдөгү кырдаалдын өнүгүшү өзгөчө тынчсыздануу жаратууда”, - деди Президент.

Мамлекет башчысынын ишениминде, ШКУ Афганистанды калыбына келтирүүдө активдүү катышуусу керек.

Аталган көйгөй боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу максатында Алмазбек Атамбаев мамлекеттик түзүмдөрдүн жана Уюмга катышуучу-мамлекеттердин илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрүн Бишкекте 2013-жылдын 10-октябрында өткөрүү пландаштырылган Афганистан боюнча Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырды.

Алмазбек Атамбаев, ошондой эле Сириядагы жана анын тегерегиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануусун билдирди. “Кыргыз Республикасы көптөгөн курмандыктар, гуманитардык каатчылык жана саясий кризистин мындан аркы курчушуна байланыштуу кыйла тынсчыздануусун билдирүүдө. Буга байланыштуу, тараптарды токтоосуз ок атышууну токтотуп, кризисти БУУнун ортомчулугу менен бардык саясий күчтөрдүн сүйлөшүүсү аркылуу жөнгө салууга чакырабыз”, - деди Президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин аймагында аракеттенген уюшкан баңги уюмдардын көбөйүп, күч алып баратканына өзгөчө тынчсызданууну билдирди. “Буга байланыштуу баңги заттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз айлантууга каршы күрөштө кызматташуу тууралуу ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы Макулдашууну, ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн 2011-2016-жылдарга Баңги заттарга каршы стратегиясы жана аны аткаруу боюнча иш-аракеттер Планын иш жүзүнө ашыруу зарылдыгын абдан актуалдуу деп эсептейм”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын Президентинин пикиринде, Уюмдун мүчөлөрү ошондой эле терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу боюнча максаттуу жумуш аткарууну улантуу керек. “Ушул багыттарда кызматташтыктын ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу маанилүү жана ошондой эле Пекиндеги ШКУнун Саммитинде бекитилген 2013-2015-жылдарга терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдөгү кызматташтык Программасын активдүү ишке ашыруу зарыл”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мындан тышкары, Президент белгилегендей, аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу экономикалык өнүгүү маселелери чечилмейинче мүмкүн эмес. “ШКУга мүчө-мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын ар тараптан тереңдетүү биздин Уюмдун эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн түпкү негиз болуп калышы керек. Ушундан улам, биз соода-экономикалык иш-аракет, транспорт, айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдарды жоюу, маданият жана билим-илим үчүн жооп берген министрликтердин жана ведомстволордун багыты боюнча биринчи кезекте турган долбоорлорду ишке ашырууну тез арада жасоо керек деп эсептейбиз. Менин оюмча, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу үчүн байкоочу-мамлекеттерди да активдүү тартуу керек. Бул, албетте, өлкөлөрдүн жана региондогу элдердин бакубаттыгын жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыздоого олуттуу салым кошот”, - деди Мамлекет башчысы.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгынын Программасын сапаттуу ишке ашыруу максатында өткөн жылы Бишкек шаарында Өкмөт башчыларынын кеңеши тарабынан бекитилген 2012-2016-жылдарга долбоордук ишмердүүлүктү андан аркы өнүктүрүү боюнча Жол картасын ишке киргизүүнү активдештирүү маанилүү, - деп эсептейт Алмазбек Атамбаев. “Долбоордук иш-аракетти каржылык жактан коштоону камсыз кылуу кызыкчылыганда, биз ШКУнун Өнүктүрүү фондусун жана Өнүктүрүү банкын тез арада түзүүнү колдойбуз. Бул финансылык түзүмдөр биздин мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын өнүгүүсүнө  салымын кошоору калетсиз”, - деди Президент.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле өзгөчө белгилегендей, Кыргызстан автомобиль жана темир жолу инфраструктурасын жакшыртууга, транс континенттер аралык аба жолдорун түзүүгө стратегиялык маани берет. “Эки тараптуу негизде бир катар оң баштоолор бар. Биз транзитти либералдаштырууну колдоп жатабыз, бул деңиздеги соода портторуна түз чыга албаган Борбордук Азиянын көпчүлүк мамлекеттери үчүн кыйла маанилүү көйгөй болуп эсептелинет”, - деди Президент.

Бул жаатта биздин мамлекеттердин географиялык жайгашуусун эске алганда, Алмазбек Атамбаев биздин өлкөлөр ортосундагы автомобиль, темир жол жана аба инфрастурктурасынын транзиттик потенциалын кеңейтүүнү сунуштады. Анын ишениминде, бул үчүн бардык шарттар бар, бирок аларды кыйла натыйжалуу колдонуу керек.

“Учурда Борбордук-Азия регионунда суу-энергетикалык проблема негизги маселелерден болууда. Ийкемдүүлүк жана өз ара түшүнүүгө жетишүү, ошондой эле биздин мамлекеттердин саясий эркин билдирүү шартында биз бул маселе боюнча бир пикирге келебиз деп терең ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы, ошондой эле илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда, туризм жаатында достук жана кызматташтык мамилелерин бекемдөөгө түрткү болгон өз ара кызматташуунун маанисин белгилеп өттү.

Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев курчап турган чөйрөнү жана дүйнөдөгү био ар түрдүүлүктү коргоо максатында, үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Бишкекте Ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум өтө турганын маалымдады. Учурдан пайдаланып, Президент мамлекеттик түзүмдөрдүн жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн жаратылышты коргоо жалпы ишине арналган бул иш-чарага катышууга чакырды.

“Бүгүн биздин алдыбызда ШКУнун позициясын эл аралык аренада мындан аркы бекемдөө маселеси турат. Биз ШКУну эл аралык жана региондук башка түзүмдөр менен байланышын интенсификациялоого алган багытыбыз туура деп болголойм. Муну менен бирге ШКУга байкоочу-мамлекеттер, диалог боюнча өнөктөштөр менен да кызматташтыкты тереңдетүүнү жана диверсификациялоону маанилүү деп эсептейм. Шанхай кызматташтык уюму, эл аралык мамилелердин толук укуктуу субъекти катары ШКУ Хартиясында белгиленген максаттарды жана милдеттерди иш жүзүнө ашырууда ири потенциалга ээ”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Өз сөзүн жыйынтыктап жатып, Мамлекет башчысы Уюмдун келечеги кең экендигине бекем ишенимин билдирди.

 

2013-жылдын 13-сентябрында, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:

- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Бишкектеги декларациясы.

- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы узак мөөнөттүү жакшы коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдарга иш-аракеттер Планын бекитүү жөнүндө чечими.

- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин өткөн жыл үчүн Шанхай кызматташтык уюмунун иши жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Докладын бекитүү жөнүндө чечими.

- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмүнүн Кеңешинин Докладын бекитүү жөнүндө чечими.

- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча маалыматтык билдирүү (кол коюлбастан кабыл алынат).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Кеңешинин Саммитинин жыйынтыктары боюнча пресса үчүн билдирүү жасады.

Билдирүүнүн тексти:

Биздин көз карашыбызда, бүгүн биз Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өз ара түшүнүктү жана конструктивдүү кызматташтыкты бекемдөө жолунда дагы бир натыйжалуу кадам жасадык.

 Жолугушуунун жүрүшүндө абдан конструктивдүү жана достук маанайда дүйнөдөгү жана аймактагы абал боюнча ой бөлүшүүлөр болду, ошондой эле ШКУнун алкагында багыттардын абдан кеңири тармактары боюнча мындан аркы өз ара кызматташуунун өнүгүүсү боюнча чечим кабыл алынды. 

Биз кабыл алган жыйынтыктоочу Декларация дагы чоң эл аралык мааниге ээ. Анда дүйнөдөгү абалга карата макулдашылган принципиалдуу баалоолор бекитилген.

Бүгүн ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы узак мөөнөттүү жакшы коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун жоболорун ишке ашырууу боюнча 2013-2017-жылдарга иш-аракеттер Планы бекиди. Аталган Макулдашууга туура 6 жыл мурда мамлекеттердин башчылары тарабынан ушул эле Бишкектен кол коюлганы символикалуу болуп калды.

Биз, мындайча айтканда, “үч коркунуч” - терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүүдө жана баңгизаттардын, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, курал-жаракты мыйзамсыз айлантуу коркунучуна каршы туруу боюнча мындан аркы активдүү иш жүргүзүүнү макулдаштык.

Саммиттин жыйынтыктары боюнча ошондой эле улуттук экономика, тыгыз инвестициялык шериктештик, транспорттук ташуулар жана коммуникациялар, агроөнөр жай комплекси, ШКУ Өнүктүрүү фондун жана ШКУ өнүктүрүү банкын түзүү боюнча маселени иликтөө боюнча иштерди аягына чыгаруу жаатында жалпы кызматташтыкка болгон бирдиктүү көз караш да аныкталды.

Мамлекет башчылары жакшы коңшулаштыкты, достукту жана кызматташтыкты бекемдөө, рухий жактан жакындоо, маданият аралык диалогду алдыга жылдырууну өнүктүргөн илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда, туризм жаатында алака түзүүнүн маанисин белгилешти.

ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Кеңешинин Саммитинин кийинки отурумун 2014-жылы Душанбе шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошентип, Кыргыз Тарап бүгүнкү күндөн баштап Уюмда төрагалык кылуу эстафетасын Тажикстан Республикасына өткөрдү.

 Жыйынтыгында, дагы бир жолу өзүмдүн кесиптештериме бирдиктүү натыйжалуу ишибиз үчүн жана силерге, журналисттерге көңүл бурганыңар үчүн жана Бишкектеги ШКУ Саммитин чагылдырып бергениңер үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет.

13-сентябрь, 2013-жыл
Басып чыгаруу