Президент Алмазбек Атамбаевдин Евросоюзга расмий сапарынын жана Бельгияга жумушчу сапарынын жыйынтыктары

2013-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугунун Брюссель шаарына Европа Союзуна расмий сапары жана Бельгия Королдугуна жумушчу сапары менен келди.

Европа Союзуна расмий сапар

Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц менен жолугушуу

Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстанда  парламенттик демократияны өнүктүрүү жана өлкөнүн шайлоо системасын өркүндөтүү маселелери  талкууланды. Ошону менен бирге  Борбордук  Азиядагы жагдай дагы талкууга алынды.

Мартин Шульц Европарламент   Кыргызстанда келерки парламенттик жана  президенттик шайлоолорду өткөрүүгө көмөктөшөөрүн белгиледи.

 “Кыргызстан биз үчүн Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөктөшүбүз. Демократияны өнүктүрүү үчүн  мыйзамдын  үстөмдүгү болушу  зарыл. Европа парламенти   Кыргызстандагы келерки шайлоолор демократиянын шарданында өтүшүнө ара тараптуу көмөк көрсөтөт. Жакын арада  Кыргызстанга  эксперттердин тобу жөнөтүлөт, алар  келерки  шайлоолорго колдоо көрсөтүү үчүн   керектүү иш-чаралардын тизмесин түзөт”,- деди Европарламенттин Төрагасы

“Биз бардык маселелер боюнча  тил табыштык. Кыргызстанда  2 жылдан кийин парламенттик жана 4 жылдан кийин президенттик шайлоолорду өткөрүүгө  колдоо алганыма абдан кубанчтамын. Таза шайлоо – күчтүү бийликтин  кепилдиги экендигине толук ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Европалык кеңештин Төрагасы Херман Ван Ромпей менен жолугушуу

Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европалык кеңештин Төрагасы Херман Ван Ромпей менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Европалык кеңештин ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Херман Ван Ромпей Президент Алмазбек Атамбаев менен учурашып, туулган күнү менен куттуктады. «Мен Кыргызстан элинин татаал өзгөрүлүп тарган шарттарда демократияны өнүктүрүүнү улантуу чечкиндүүлүгүнө абдан таасирлендим. Европалык Союз Кыргызстанды колдогон жана колдой берет», - деди Европалык Союздун Төрагасы.

Херман Ван Ромпей ошондой эле Европалык Союздун Кыргызстандын 2013-2017-жылга карата Туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук Статегиясынын негизги приоритеттерин жана өзгөчө анын жакшы турукташтырылган жана бардык жагын камтыган тезистерин колдогонун билдирди.

Ал белгилегендей, Европалык Союз Кыргызстандын юриспруденция системасын реформалоо жана коррупция менен күрөшүүгө болгон багытын жогору баалайт жана бул багытта колдоо көрсөтөт.

Европалык кеңештин төрагасы Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда Афганистандагы кырдаал талкууланганын жана Европалык Союз аймактын өнүгүшүнө чоң маани бере турганы көнүл чордонунда болгонун белгиледи. «Президент Алмазбек Атамбаевдин келиши зор мааниге ээ, ал эми жаңы макулдашуулар биздин мамилелердин мындан аркы бекемдешине өбөлгө түзөт. Европалык Союз Кыргызстандагы демократиялык реформалардын жүргүзүүсүнө колдоо көрсөтөт», - деди Херман Ван Ромпей.

«Биз Кыргызстандагы адам укугун коргоо программасын талкууладык, улуттук азчылык жана адам укугу, юстициянын иш-аракеттери менен биргеликте эффективдүү чара көрүү системасы ийгиликтин башаты болорун макулдаштык», - деп билдирди Херман Ван Ромпей.

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде Европалык кеңештин башчысын Европалык Союздун институттарына баруу мүмкүнчүлүгү жана көйгөйлөр тууралуу сүйлөшүү, аларды чечүү жолдору, бул багытта биргеликте иштөө мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, мамлекетте Коррупция менен күрөшүү стратегиясы кабыл алынган жана бул кылмыштын түрү  менен күрөшүүнүн эсебинен бюджетке эки эсе көп киреше түшкөнүн маалымдады.

Президент ошондой эле саясий партиялардын катышуусу менен Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү кеңеши аркылуу Улуттар аралык ынтымакты бекемдөө Концепциясы бекигенин да маалымдады. «Кыргызстан үчүн 2015-жылы парламентке шайлоо, 2017-жылы президенттик шайлоонун таза өтүшү маанилүү. Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясында экономика жана коррупция менен күрөшүү бөлүмдөрү менен бирге таза шайлоону өткөрүү боюнча да бөлүм бар», - деп белгиледи Президент.

«Мен ушул маселеде түшүнүккө жетишкенибиз боюнча Европалык кеңештин төрагасына абдан ыраазымын. Менин оюмча, Европалык Союз парламентке болгон таза шайлоодо бизге колдоо көрсөтөт. Бул дагы өз кезегинде 2017-жылдагы президенттик шайлоо таза өтөт дегендин кепилдиги болуп берет», - деп сөзүн жыйынтыктады Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын үстөмдүгүн ачык-айкындуулук жана отчеттуулукка өзгөчө басым жасоо менен алдыга жылдыруу» Макулдашуусуна кол коюлду.

Кыргыз тараптан Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов кол койду.

Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозу менен жолугушуу

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозуменен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргыз Республикасы менен Европа комиссиясынын  ортосундагы мамилелерди  мындан ары өнүктүрүү   боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Европа комиссиясынын  төрагасы  Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, ишинде ийгиликтерди каалады. Европа комиссиясы  Кыргызстанга  демократиялык реформаларды  ишке ашырууда мындан ары дагы  колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

”Азыркы жолугушуу биздин өз ара мамилелерди чыңдайт. Кыргызстан -  ЕС үчүн Борбордук  Азиядагы абдан маанилүү стратегиялык өнөктөш.  Евросоюз    экономикалык жана башка реформаларды жүргүзүү, көп партиялуу системаны куруу боюнча Кыргызстандын  тандоосун жогору баалайт. Демократия орнотуу – үзгүлтүксүз процесс. Сиздердин өлкө  кыйла проблемаларга туш келип жатат. Мамлекетте мыйзамдын үстөмдүгү орнотулууга тийиш”,- деди Европа комиссиясынын төрагасы.

Президент Алмазбек Атамбаев  Европа комиссиясынын  төрагасын Кыргызстанда  мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо боюнча жаңы долбоорду ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Биздин мамилелер жаңы деңгээлге чыгаарына ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Жозе Мануэль Баррозуну Кыргызстанга ыңгайлуу учурда келип кетүүгө чакырды.

Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Кэтрин Эштон менен жолугушуу

Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ошондой эле Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү  Кэтрин Эштон менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Европа союзунун  жетекчилиги менен өткөрүлгөн жолугушуулар  талкууланды. Тараптар  Европа союзу менен Кыргыз Республикасынын ортосунда  жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында  тыгыз кызматташуунун зарылчылыгын  баса белгилешти.

Кэтрин Эштон Президент Алмазбек Атамбаевди коюлган маселелер Европа союзунун жетекчилиги тарабынан жакшы каралат, анткени алар Кыргызстанда демократияны чыңдоого багытталган деп  ынандырды.

НАТОнун Башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолугушуу

Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев НАТОнун Башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен НАТОнун ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

НАТОнун Башкы катчысы Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, бул НАТОго анын алгачкы сапары экендигин белгиледи.

“Биздин кызматташуубуз тынчтык үчүн өнөктөштүк алкагында өтүп жатат. Келерки жылы эл аралык күчтөр Афганистандан чыгып кетишет, күчтөрдү башкаруу афган аскерлерине өткөрүлүп берилет. Биз коопсуз Афганистан – коопсуз регион деп эсептейбиз”, - деди НАТОнун Башкы катчысы.

“Биз Кыргызстандын НАТОнун менен кызматташуу маселелери боюнча  абдан жемиштүү пикир алмаштык. Биз терроризмге жана баңгитрафикке каршы күрөшүү максатында  кызматташууга зор маани беребиз”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

“Кыргызстан   “Манас” аэропортундагы  Транзиттик ташуулар борбору аркылуу Эл аралык күчтөргө көмөктөшүп жатат.  Биз өз милдетибизди толугу менен аткардык, 2014-жылдын 11-июлунда Транзиттик ташуулар борбору өз ишмердигин токтотот, анткени  Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы  макулдашуунун мөөнөтү аяктайт. “Манас” аэропортунда аскердик түзүмдөр болбойт, аэропорт жарандык хаб болот”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

“Мен өлкөнүн Президенти  жана ЖККУ төрагасы катары  келерки жылы Афганистандан коалициянын аскерлери чыгарылып жаткандыгына байланыштуу  регионалдык стабилдүүлүктү чыңдоо боюнча бир катар консультацияларды өткөрүүнү сунуштадым. 2013-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөрүлө турган эл аралык конференцияга НАТОнун өкүлдөрү чакырылган”,- деди  Президент.

Бельгия Королдугуна жумушчу сапар

Бельгия Королу Филипп менен жолугушуу

2013-жылдын 18-сентябрында, Брюсселде, жумушчу сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Бельгиянын Королу Филипп расмий түрдө кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча  кыргыз-бельгия мамилелерин мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бельгиянын Федералдык Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Андре Флау жана Бельгия Сенатынын Төрайымы Сабина де Бетюн менен жолугушуу

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгиянын Федералдык Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Андре Флау  жана Бельгиянын Сенатынын Төрайымы Сабина де Бетюн менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү жана  Кыргыз Республикасы менен Бельгия Королдугунун ортосунда парламенттер аралык кызматташууну мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.

19-сентябрь, 2013-жыл
Басып чыгаруу