Президент Алмазбек Атамбаевдин Корея Республикасына расмий сапарынын жыйынтыктары

2013-жылдын 18-20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хенун чакыруусу боюнча  расмий сапар менен Корея Республикасына барып келди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хе менен жолугушуп, кыргыз-корей мамилелеринин актуалдуу  маселелерин талкуулады. Расмий  сапар эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер мындан аркы өнүгүүсүнө жакшы түрткү берээри  белгиленди.

Мамлекет башчылары Кыргызстан жана Кореянын ортосундагы кызматташтыкты эки тараптуу да, ар тараптуу форматта да жандандыруу зарыл экендигин белгилешти. Алмазбек Атамбаев  жана Пак Кын Хе эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык-экономикалык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү  керектигине басым жасашты.

Президент  Пак Кын Хе   Кыргызстан менен Корея дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери  достук өнөктөштүктү тынымсыз өнүктүрүп келе жаткандыгын белгиледи.

Кореянын лидери Кыргызстан жана Борбордук Азиянын өлкөлөрү менен кызматташтыкка өлкөсү кызыкдар экендигин баса  белгилеп, Президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууга өзгөчө маани берди.

“Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин  ичинен Президент Алмазбек Атамбаев биринчи болуп Кореяга келди. Мен Кыргызстанда мындан ары демократияны чыңдап, экономиканы өнүктүрүү  үчүн сиздер Корея менен кызматташтыкты чыңдоого олуттуу мамиле кылып жатканыңарды байкадым. Мен дагы өлкөлөрүбүздү өнүктүрүү жолунда биргелешип, чогуу аракеттенебиз деген үмүттөмүн”, - деди Пак Кын Хе жолугушууну жыйынтыктап жатып.

Ал ошондой эле 2013-жылдын октябрь айында болуп өткөн «Корея Республикасы - Борбордук Азия» кызматташтык боюнча 7-Форумдун ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи. Мындай  диалогдун байма-бай өткөрүлүшү  катышуучу-өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына төп келип, Корея Республикасынын менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда түрдүү тармактарда практикалык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жардам берээри тууралу тараптар бир пикирде экенин айтышты.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн элдеринин жакындыгын белгилеп, 2007-жылы ушул эле күндөрү Кореяга жасаган сапары тууралуу жакшы эскерүүлөрү менен тең бөлүштү.

Мамлекет башчысы ошондой эле эки тараптуу байланыштарды мындан ары ырааттуу өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп өттү. “Кореянын өнүгүшүнүн мисалы - демократиялык жол ийгиликке алып келээрин көрсөттү, эң негизги элдин руху, эркиндиктин руху”,- деди Президент.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык өнүгүүнүн жаңы  деңгээлине чыгып жатканын жана түрдүү тармактарда ар тараптуу жана комплекстүү  өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө биргелешип күч-аракет жумшоого ниеттенгендигин ырасташты.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Президент Пак Кын Хе соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү максатында  эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүндө өз ара кызматташууну мында ары активдештирүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча макулдашышты.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин расмий сапарынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө корея тарап Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын техникалык жактан жабдууга жана модернизациялоого жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде кыргыз тарап Түндүк-Чыгыш Евразиянын темир жол жана автожол тармагын түзүү боюнча кореялык тараптын демилгесин колдоду.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы түз авиакаттамды ачуу үчүн бардык күч аракеттерин жумшай тургандыгы тууралуу билдиришти.

Андан сырткары, кыргыз тарап кореялык кесиптештерди «Манас» эл аралык аэропортун эл аралык авиахабка айландырууга катышууга чакырды. Авиахаб Түштүк-Чыгыш Азиядан  Европа жана Батыш багытында товардын жүрүшүнө ири транзиттик  аймактын  милдетин өтөй алат.

Кыргызстан менен Корея 20133-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясындагы максаттарды жана улуттук долбоорлордун эске алуу менен экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана диверсификациялоого кызыктар экендигин билдиришти.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы кызматташуу адистердин квалификацияларынын деңгээлин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасына Корея Республикасынын бай тажрыйбасын киргизүүгө зор салымын кошоорун белгилеп, тараптар бул багытта кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы дем бериш керек экендигин белгилешти. Корея Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарын ушул тармакта тиешелүү макулдашууларга кол коюу мүмкүнчүлүгүн караштырып  көрүүгө милдеттендиришти.

Кыргызстан өлкөнүн токойлорун коргоо потенциалын чыңдоо боюнча пилоттук долбоорду  Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) менен бирге ишке ашырууну колдоого алды.

Тактап айтканда, кыргыз тарап KOICA аркылуу эки долбоорду белгиледи: Кыргыз Республикасында көмүрдүн сапатын башкаруу системасын түзүү жөнүндө жана Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жарык берүү системасын жакшыртуу, ошондой эле ушул долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн керектүү жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашышты.

Ошону менен бирге, Тараптар KOICA аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлордун сапатын жакшыртып, санын мындан ары кеңейтүүгө багытталган кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендигин билдиришти.

Андан сырткары, Кыргызстан жана Корея эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жактан тынымсыз өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү багытында кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экендиги тууралуу макулдашып, ушул контекстте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз  жардам жөнүндө алкактык макулдашуунун кол коюлушун колдошту.  Тараптар  ошону менен бирге,  гранттык жардам көрсөтүү  боюнча Кыргыз Республикасында  долбоорлорду кеңейтүүдө тыгыз кызматташуу боюнча  макулдашышты.

Ошондой эле кореялык тарапка эмгек миграция тармагында жемиштүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык жана ушул багытта мындан ары да кызматташабыз  деген ишеним билдирилди.

Андан тышкары, кыргыз тарап Корея Республикасынын Өкмөтүнүн «Корея жарым аралында ишенимди бекемдөө процессин улантуу» жана «Түндүк-Чыгыш Азияда тынчтыкты бекемдөө демилгеси» демилгелерин колдоду.

Тараптар регионалдык жана глобалдык тынчтыкка жана коопсуздукка чыныгы коркунуч жараткан Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын ракеталык-ядролук программасы боюнча   олуттуу  тынчсыздануусун билдиришти.

Кыргызстан менен Корея Корея Элдик-Демократиялык Республикасын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларын жана 2005-жылдын 19-октябрындагы Алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн Биргелешкен билдирүүсүнүн милдеттенмелерин аткарууга жана  бүтө элек, ырасталган жана кайрылбас формадагы бардык ядрорлук жана ракеталык, уранды иштетүү  программалардан баш тартууга чакырышты.

Тараптар конкреттүү натыйжаларга жетүү максатында кызматташтыктын перспективалуу тармактарын табууга активдештирүүгө даяр экендигин билдиришти.

Кыргызстан менен Корея эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерин ырааттуу өнүгүүсүнө чоң салым кошкон Президент Алмазбек Атамбаевдин расмий сапарынын жыйынтыктарына жалпысынан жогору баа беришти.

Кыргыз тарап өз кезегинде кореялык тарапка жылуу жана достук маанайда  кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Алмазбек Атамбаев Президент Пак Кын Хену эки тарапка ыңгайлуу убакытта Кыргыз Республикасына сапар менен каттап кетүүгө чакырды.

Жолугушуудан кийин Президенттердин катышуусу менен эки тараптуу документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү. Тактап айтканда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз  жардам жөнүндө алкактык макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан айдоочу күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмаштыруу жөнүндө Макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин ортосунда  энергетика жана өнөр жай тармагындагы кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум. 

Өз сапарынын алкагында Президенти Алмазбек Атамбаев ошондой эле Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Спикери Кан Чан Хи менен жолугушканда, Кан Чан Хи Кыргызстандын демократия орнотуудагы жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүдөгү ийгиликтерин белгиледи. Өз кезегинде Мамлекет башчысы  Кыргызстан жана Корея үчүн жеке бийлик жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербеген өнүгүүнүн демократиялык  жолу абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсү эки өлкөнүн байланыштарынын бекемдөөсүнө жардам берээри тууралуу макулдашышты. Кыргызстандын жана Кореянын элдери жалпы демократиялык баалуулуктарды таанып, базар экономикасынын жолуна түшкөнүн жана эки элдин маданий тамырлары окшош экендиги баса белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Корея Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын төрагасы Ким Ёнг Хван менен жолугушууда кореялык ири  компаниялар үчүн Кыргызстандын  инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, кыргыз-кореялык биргелешкен инвестициялык долбоорлорду  кредиттөө мүмкүнчүлүктөрү  тууралуу маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Корея Республикасынын сапарынын алкагында  өлкөнүн Антикоррупциялык чаралар жана адам укуктарын коргоо  боюнча Комиссиянын төрагасы Ли Сунгбо менен жолугушууда Корея Республикасынын коррупцияга каршы күрөштөгү тажрыйбасы  талкууланды. Мамлекет башчысы коррупция менен күрөш Кыргызстанда мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири экендигин билдирди.

Расмий сапардын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле кыргыз-кореялык инвестициялык форумга ишине катышып, сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы эки тарапка пайдалуу ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн болгон Кыргызстандын экономикасынын эң приоритеттүү жана инвестициялык-ыңгайлуу тармактары тууралуу айтып берди.

Анын жыйынтыктары боюнча Мамлекет башчысынын катышуусу менен төмөнкү документтерге кол коюлду:

-      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө;

-      Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин менен Корея Республикасынын тоо кен иштелмелерин рекультивациялоо боюнча Мамлекеттик корпорациясынын ортосундагы тоо кен калдыктарын рекультивациялоо жана курчап турган чөйрөнү кайра калыбына келтирүүдө кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

-      Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Корея Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапарынын  жыйынтыктары боюнча кыргызстандык журналисттер менен жолугуп, сапар жөнүндө айтып берди, ошондой эле басма сөз өкүлдөрүн кызыктырган бардык суроолорго жооп берди.

Ошентип, Мамлекет башчысы Корея Республикасынын расмий сапарынын жыйынтыктары жана Президент Пак Кын Хе жана өлкөнүн бизнес-чөйрөсү тарабынан Кыргызстанга көңүл бургандыгына канааттангандыгын белгиледи. “Кореянын Президенти менен кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдөн кийин биздин мамилелерибизде чындыгында эле көп өзгөрүү болооруна түшүндүм. Кореянын аткаминерлери биздин өлкөгө абдан кызыктар экендигин баамдадым. Корея үчүн Кыргызстан Борбордук Азиядагы башкы өлкө”, - деди  Алмазбек Атамбаев.

Президенттин пикири боюнча, сапардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтыктын жаңы багыттары жана формалары аныкталды.

Ошол эле кезде Мамлекет башчысы инвесторлор иштеп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сактап, кызыкчылыктарын ойлош керек экендигин баса белгиледи. “Биз болсо өлкөбүзгө акча салып, экономиканы өнүктүрүп жаткандарды сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек”,- деп белгиледи Президент.

Ушуну менен Президент Алмазбек Атамбаевдин Корея Республикасына расмий сапары аяктады.

 

21-ноябрь, 2013-жыл
Басып чыгаруу