Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга жумушчу сапарынын жыйынтыктары жана ТМКК IV Саммитине катышуусу

2014-жылынын 2-6 июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасына жумушчу сапары менен барып келди.

Туркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушуу

2014-жылдын 3-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы түрдүү тармактагы эки тараптуу кызматташуу жогорку деңгээлде экендиги белгиленди. Мамлекет башчылары кыргыз-түрк мамилелери жана анын келечеги тууралуу маселелерди кеңири талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Абдуллах Гүл мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, өлкөлөр ортосундагы кызматташууну, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык тармактардагы кызматташууну активдештирүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Тактап айтканда, Мамлекет башчылары экономикалык кызматташууну тереңдетүү зарылчылыгын баса белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Абдуллах Гүл эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун бардык деңгээлиндеги байланыштарды чындоонун маанисин белгилешти.

Мамлекет башчылары кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелерди чындоодо алдыдагы боло турган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Саммитинин маанисин белгилешти.

Туркия Республикасынын Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун Жогорку кенешинин 3-отурумунун алкагында Түркиянын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда эки тараптуу мамилелердин түрдүү аспектилериндеги маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдарды, өлкөлөр ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун Жогорку кенешинин 3-отурумунун өткөрүлүшү мамлекеттер ортосундагы мамилелердин жогорку саясый деңгээли сакталгандыгын ырастагандыгын белгиледи.

Президент менен Премьер-министр инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд. АКШ долларына жеткирүүгө багытталган иштерди жүргүзүү боюнча пландарды белгилешти.

Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагында кызматташуунун маанисин белгилеп өттү.

Түркиянын Премьер-министри Стратегиялык кызматташуунун Жогорку кенешинин 3-отурумунун ийгиликтүү өткөрүлүшүн айтып, түрдүү тармактарда, анын ичинде транспорт жана инфраструктура, транзиттик транспорттук коридорлорду түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанисин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Жогору кеңештин отурумунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө багытталган жакшы чечимдер кабыл алынгандыгын маалымдады. Тактап айтканда, Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда экономикалык кызматташууну активдештирүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү  караштыруу максатында Түркиянын экономика министринин Кыргызстанга жакында боло турган иш сапары  кызматташууну өнүктүрүүгө катуу  түрткү берээрин белгиледи.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев менен Премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулап, азыркы коркунучтарды чогуу жеңүүдө жалпы умтулуубуз бекем экендигин ырасташты.

Тараптар Жогорку кенештин 3-отурумунун ийгиликтүү өткөндүгүн, эки тараптуу кызматташууну өз ара түшүнүшүү жана  ишеним көрсөтүү маанайында чыңдоодо жана активдештирүүдө анын өзгөчө маанисин баса белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Президент Алмазбек Атамбаев менен Премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин үчүнчү отурумунун Биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту.

Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев менен Премьер-министр Режеп Тайип Эрдогандын катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Протокол;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда метрология тармагында Макулдашуу.

Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачуу салтанатына катышуу

2014-жылдын 4-июнунда, Президент Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасына иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигин ачуу салтанатына катышышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Чыңгыз Айтматов бүткүл түрк дүйнөсүнүн чыгаан инсаны болгондугун белгиледи. “Залкар жазуучунун чыгармачылыгы - жалпыбыздын маданий кенчибиз. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Чыңгыз Айтматов азыркы замандын эң көп окулган авторлорунун бири. Көзү тирүү кезинде эле адабий классик деп аталган. Залкар жазуучунун чыгармалары 176дан ашык тилге которулуп, дүйнөнүн 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен чыгарылган”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Түркияда Чыңгыз Айтматовду, анын чыгармачылыгын абдан жогору бааларын жакшы билебиз. Көп шаарларда анын ысымы сейил бактарга, көчөлөргө, окуу жайларына ыйгарылган. Атактуу жазуучунун бардык чыгармалары түрк тилине которулган”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Чыңгыз Айтматов таланты менен, өз эмгеги менен түрк ааламынын гана эмес, дүйнө элдеринин сүймөнчүгүнө ээ болгондугун белгиледи. “Жазуучунун чыгармалары дүйнөлүк маданияттын мыкты щедеврлеринин катарына кошулуп, түрк дүйнөсүнүн жана жалпы адамзаттын кенчине айланып калды”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы жалпы Кыргызстандын элинин атынан Түркия Өкмөтүнө жана Анкара шаарынын жетекчилерине Чыңгыз Айтматовдун ысымын борбор шаардын проспектине ыйгаргандыгы жана улуу жазуучунун эстелигин орноткондугу үчүн ыраазычылык  билдирди.

Президент боордош өлкөлөрдүн ортосунда маданий-гуманитардык тармактагы байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанисин белгиледи.

Салтанатка Түркия Республикасынын вице-премьер-министри Эмруллах Ишлер, Анкара шаарынын мэри Мелих Гокчек, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун башкы катчысы (ТЮРКСОЙ) Дюсен Касеинов жана Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуб Омероглу катышышты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин IV Саммитине катышуу

Мындан тышкары, жумушчу сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Бодрум шаарында өткөрүлгөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин IV Саммитине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жолугушууну жогорку деңгээлде уюштуруп, меймандостук менен тосуп алгандыгы, ТМКК IV Саммитин жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Түркия Республикасына, уюмда төрагалык кылган мезгилдеги жыйынтыктуу иши үчүн Азербайжан Республикасына ыраазычылык  билдирди. “Жыл өткөн сайын  уюмубуздун  кадыр-баркы өсүп жатат. Габала шаарында өткөрүлгөн саммитке төрт өлкө катышкан. Бүгүн Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов дагы катышып олтурат. Биздин жолугушуу туризм темасына арналган. Бул тармак өз ара мамилелерди тереңдетүүгө, транспорттук, соода жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Түрк дүйнөсүнүн бардык өлкөлөрүндө туризмди өнүктүрүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин өлкөлөрдүн жаратылышы абдан кооз – абасы таза, асман тиреген тоолору, ажайып токойлору, мөлтүр суулары, таптаза көлдөрү бар”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын аймагында көптөгөн бөтөнчө табигый жана рекреациялык ресурстар, Улуу Жибек Жолунда улуттук, маданий жана тарыхый мурастын объекттери бар экендигин белгиледи. “Кыргызстанда 50дөн ашуун өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизилген. Дүйнөлүк туристтик уюмдун аныктамасы боюнча Кыргызстан туристтик инфраструктураны тиешелүү деңгээлде өнүктүрсө, жылына 2,5 млн. чет элдик туристти кабыл алууга жөндөмдүү. Боордош Түркия Республикасынын ушул тармактагы тажрыйбасы биз үчүн жакшы үлгү. ТМКК өлкөлөрү бул тажрыйбаны региондук өнөктөштүктү активдештирүү аркылуу гана ишке ашырууга болот”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы мындай тажрыйба менен алмашуу үчүн ТМКК өлкөлөрүнүн ар жылдык туристтик көргөзмөлөрүн өткөрүүнү сунуш кылды. Бул көргөзмөлөрдө тажрыйба алмашып, туристтик индустриянын алдыңкы жетишкендиктери көрсөтүлмөк. ”Туристтик көргөзмөлөрдү өткөрүүчү жерлердин бири катары Борбордук Азиянын бермети болгон Ысык-Көлдү сунуштайбыз. Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүндүгү абдан кеңири: санаториялык-ден соолукту чыңдоодон баштап тоо туризминин экстремалдык түрлөрүнө чейинки көптөгөн багыттары бар. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ушул жылы биз Түрк дүйнөсүнүн архитектурасы жана шаар курулушу боюнча эл аралык курултайды, ошондой эле “Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын” өткөрүүнү болжолдоп жатабыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

“Эки-үч негизги проблеманы чечүүгө багыт алуу көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүп, биздин жана өкмөттөрүбүздүн ишинин сапаттуу болушуна түрткү берет деп ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы туризм чөйрөсүндө маалыматтар менен алмашуу тармакты өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү экендигин белгиледи. “Биз маалымат технологияларынын чөйрөсүндө биргелешкен ишканаларды түзүүнү колдошубуз керек. Ошону менен бирге Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин ТМКК өлкөлөрүнүн инвестициялык фондун түзүү боюнча сунушун колдойбуз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ТМКК институционалдык негизи чыңдалып жаткандыгына  канааттануусун билдирди. “Бодрум декларациясы  кызматташуубуз конкреттүү жыйынтыктарды бериши үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат. Өз ара кызматташуубуз жакшы натыйжаларды берет деп ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле ТМКК башкы катчысы катары аткарган иши үчүн Халил Акынжыга ыраазычылык билдирди. Түрк Республикасына уюмдун төрагасы катары ишине ийгилик каалады.

Мындан тышкары Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл регионалдык коопсуздуктун, келип чыккан коркунучтардын алдын алуу үчүн биргелешип кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулоонун маанисин белгиледи. Туризм маселеси боюнча кеп кылып келип, Абдуллах Гүл туризм тармагында кызматташууну чыңдоо менен өлкөлөр экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды дагы бекемдеп жаткандыгын баса белгиледи.

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев ТМКК өлкөлөрү ТМКК алкагында гана бири бирин колдобостон, башка эл аралык уюмдарда дагы улуттук кызыкчылыктарды коргоого көмөктөшөөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев ТМКК өлкөлөрүнүн экономикалык зор мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин, аны пайдалануу зарылчылыгын белгилеп өттү ТМКК өлкөлөрү туристтик кызмат көрсөтүү рыногунда өз үлүшүн  көбөйтүүгө  тийиш экендигин айтты.

Мамлекет башчылары экономиканы өнүктүрүүдө жана өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого түрткү берчү ТМКК өлкөлөрүнүн ортосунда транспорттук коридорлорду  өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти.

ТМКК катышуучу-өлкөлөрүнүн Саммитинин жыйынтыгы боюнча Бодрум декларациясы кабыл алынды.

 

6-июнь, 2014-жыл
Басып чыгаруу