Президент Алмазбек Атамбаевдин Сауд Аравия Королдугуна, Бириккен Араб Эмираттарына жана Катар Мамлекетине болгон расмий иш сапарларынын жыйынтыктары

2014-жылынын 2-8 декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна, Бириккен Араб Эмираттарына жана Катар мамлекетине иш сапарлары менен барып келди.

Сауд Аравиянын Мураскор Принци Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушуу

2014-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна расмий сапарынын алкагында Мураскор Принц Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушту.

Мураскор Принц Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд Кыргызстандын Мамлекет башчысынын көп жылдардан берки биринчи расмий сапарын кабыл алып жатып, Президент Алмазбек Атамбаевдин сапарынын Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосунда өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүдөгү маанисин белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосундагы саясый байланыштарды жөнгө салуунун жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун мааниси белгиленди.

Кыргызстандын Президенти менен Сауд Аравиясынын Мураскор Принци Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын Өкмөттөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенишүүгө дем берүүнүн зарылчылыгын баса белгилешти. Эки өлкөнүн ортосундагы экономика жана инвестиция  чөйрөлөрүндөгү өз ара карым-катнаштарында  зор мүмкүнчүлүктөр бар экендиги айтылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Мамлекет башчысы менен Мураскор Принцтин катышуусунда Кыргыз Республикасынын жана Сауд Аравия Королдугунун Өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашууга, эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосунда аба байланышы жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Эр-Рияддын Соода-өнөр жай палатасына баруу

2014-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна расмий сапарынын алкагында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарынын Соода-өнөр жай палатасында болду.

Мамлекет башчысы Сауд Аравия Королдугунун Соода-өнөр жай палаталарынын кеңешинин президенти доктор Абдурахман Аль-Замиль менен жолугуп, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташуусу боюнча конкреттүү пландарды талкуулады.

Абдурахман Аль-Замиль Алмазбек  Атамбаевди Эр-Рияддын Соода-өнөр жай палатасына келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, сауддук ишкерлер бир тууган Кыргызстанга көп мезгилден бери кызыгуу туудурганын баса белгиледи. Анын сөзүнө караганда эки тараптуу бизнес-байланыштардын анчалык активдүү болбой жаткандыгынын негизги себеби - эки өлкөнүн ортосундагы түз транспорттук байланыштын жоктугу, мындай жагдай колдогу мүмкүнчүлүктү толук ишке ашырууга жол бербей жатат.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн элдеринин жакындыгына, кызматташуу үчүн экономиканын түрдүү тармактарында зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтолду. Тактап айтканда Мамлекет башчысы Кыргызстанда өнөктөштөр менен бирдикте ишке ашырылып жаткан транспорттук, энергетикалык жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзгөн долбоорлор тууралуу айтып берди. Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кыргызстандын минералдык ресурстарын иштетүүдө жана туристтик чөйрөдө кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.

Президент Кыргызстанды географиялык жактан жакшы жайгашкандыгы транзиттик өлкө болууга мүмкүнчүлүк берген транспорт жана логистика жаатындагы долбоорлорго басым жасады.

Алмазбек Атамбаев менен Абдурахман Аль-Замиль Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда байланыш активдешерине ишенимин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эр-Рияддын Соода-өнөр жай палатасынын бир катар өкүлдөрү түрдүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даярдыгын билдиришти. Өз кезегинде Мамлекет башчысы  Кыргызстандын мамлекеттик органдары алардын ишмердигине ар тараптан колдоо көрсөтөөрүнө ишендирди.

Сауд Аравиясынын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан жолугушуунун  алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туурасында бет ачар тартуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Эр-Рияд шаарынын Соода-өнөр жай  ортосунда ишкерлер кеңешин түзүү тууралуу меморандумга кол коюлду.

Сауд Аравиянын Королу Абдалла бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушуу

2014-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна расмий сапарынын алкагында Корол Абдалла бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоодого бекем негиз боло турган Кыргызстан менен Сауд Аравиянын элдеринин жалпы тарыхый тамырларын белгилешти.

Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү максатында Президент Алмазбек Атамбаев менен Сауд Аравиянын Королу Абдалла бин Абдель Азиз Аль Сауд биргелешкен ири инвестициялык фондду түзүү тууралуу макулдашышты.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгынын зор потенциалын жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанисин белгилешти.

Эр-Рияд шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратын куруу жериндеги стелланын ачылышынын аземине катышуу

2014-жылдын 3-декабрында Эр-Рияд шаарында Сауд Аравия Королдугуна расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык шаарчасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратын куруу жериндеги стелланын ачылышынын салтанаттуу аземине катышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев, Эр-Рияд шаарынын өнүктүрүү боюнча жогорку комиссиясынын Башкы директору Анас бин Абдульрахман Аль-Шейх, ошондой эле Эр-Рияд шаарында аккредитацияланган бир катар достук өлкөлөрдүн Элчилери катышышты.

Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы Ахмад Мохамед Али Аль Мадани менен жолугушуу

2014-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна расмий сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Ахмад Мохамед Али Аль Мадани менен жолугушту.

Мекке шаарында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуусун өнүктүрүүнүн мындан аркы перспективалары каралды. Тактап айтканда, тараптар Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун абалын талкуулап, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашырылчу бир катар жаңы долбоорлорду белгилешти.

ИӨБ башчысы Президент Алмазбек Атамбаевге жакында Кыргызстанга жаңы бирлегешкен стратегиялык долбоорлорду изилдөө үчүн атайын миссия жөнөтөөрүн кабарлады.

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев ИӨБ башчысын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен ИӨБ башчысы Кыргызстанда биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысынын катышуусунда Кыргызстанга өлкөнүн алыскы райондорунда медициналык тейлөөнү жакшыртууга багытталган 5 мобилдүү клиниканы кайтарымсыз берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул долбоор болжол менен 10 млн. АКШ долларга бааланат.

Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар

Абу-Дабинин Мураскор Принци Шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушуу

2014-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына жасаган расмий сапарынын алкагында Абу-Дабинин Мураскор Принци, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары Шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен Мушриф ак сарайында жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, укук коргоо жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-эмираттык мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы менен Мураскор Принц эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун, Кыргызстан менен БАЭ бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилешти.

Абу-Дабинин Мураскор Принци, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары Шейх Мухаммед бин Заид Аль Кыргызстандын Президентинин эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы Абу-Дабиге  алгачкы ирет расмий сапары кыргыз-эмираттык кызматташуусуна бекем негиз түзөөрүн баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ачылышы эки тараптуу мамилелерди динамикалуу өнүктүрүүгө өбөлгө болоорун белгиледи.

2014-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттары менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Абу-Даби шаарында жайгаштыруу менен Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулду.

Эль-Фуджайранын Мураскор Принци Мухаммад бин Хамад Аль Шарки менен жолугушуу

2014-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапарынын алкагында Эль-Фуджайра эмиратынын Мураскор Принци Мухаммад бин Хамад Аль Шарки менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Эль-Фуджайра эмиратынын ортосундагы соода-экономикалык тармакта кызматташтыкты баштоо тууралуу маселелер талкууланды.

Алмазбек Атамбаев менен Мухаммад бин Хамад Аль Шарки кайра иштетүү тармагын, туризм чөйрөсүн, ошондой эле жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүндө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти.

Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби жана Дубайдын Соода-өнөр жай палаталарынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу

2014-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапарынын алкагында Дубайдын Соода-өнөр жай палаталарынын төрагасы Абдуль Рахман Саиф Аль Гурайр баш болгон Абу-Даби жана Дубай Соода-өнөр жай палаталарынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, өлкөнүн экономикасынын перспективалуу тармактарында токтолду. Тактап айтканда, Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр жай палаталарынын мүчөлөрүн тоо-өнөр жай, энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү, транспорт жана туризм чөйрөлөрүндө инвестициялык долбоорлорго көңүл бурууга чакырды.

“Биз сиздерди Кыргызстанда күтөбүз, Бириккен Араб Эмираттарынан инвестициялар келет деп ишенебиз ”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Абдуль Рахман Саиф Аль Гурайр Бириккен Араб Эмираттарынын бизнес-коомчулугунун атынан Алмазбек Атамбаевге жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу тараптардын эки тараптуу кызматташтыкка кызыктар экендигин ырастаганын белгиледи. Дубай Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ишкерлеринин кызматташтыгын активдештирүүнүн маанисин баса белгилеп, тарыхта Кыргызстандан жогорку деңгээлде делегациянын биринчи жолку сапары соода-экономикалык тармакта кыргыз-эмираттык кызматташтыктын өнүгүүсүнө дем берээрине ишеним билдирди.

Мамлекет башчысы Соода-өнөр жай палаталарынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди, алардын айрымдары өз кезегинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу максатында Кыргызстанга бара турган ниетин билдиришти.

Жолугушуудан кийин Президент Алмазбек Атамбаев дүйнөдөгү эң бийик Бурдж-Халифанын көрүүчү аянтчасына барды.

Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти жана Премьер-министри, Дубайдын Башкаруучусу Мухамед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушуу

2014-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапарынын алкагында БАЭнын Вице-президенти жана Премьер-министри, Дубайдын Башкаруучусу Шейх Мухамед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана укук коргоо чөйрөлөрүндө кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар кыргыз-эмират мамилелеринин тарыхындагы жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар экономиканын жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүгө зор дем берээрин бир пикирден белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев менен БАЭ Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын Башкаруучусу Шейх Мухамед бин Рашид Аль Мактум жакын арада эки тараптуу экономикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти баштап, эмират тарап Кыргызстанга республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында жумушчу топту жиберет деп  макулдашышты.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун, биринчи кезекте инвестиция чөйрөсүндөгү, туризм, тоо кендерин иштетүү, энергетика, айыл чарбасы, транспорт логистикасы сыяктуу тармактардагы жогорку потенциалды баса белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев Шейх Мухамед бин Рашид Аль Мактумду расмий сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөттөрүнүн ортосунда сегиз макулдашууга кол коюлду:

- кош салыктан качуу, кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн баш тартууга жол бербөө жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен БАЭ өкмөттөрүнүн ортосунда инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен БАЭ ортосунда аба байланышы жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен БАЭ өкмөттөрүнүн ортосунда экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен БАЭ ички иштер министрликтеринин ортосунда коопсуздук жаатында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргызстан менен БАЭ ортосунда кылмышкерлерди берүү жөнүндө келишим;

- Кыргызстан менен БАЭ ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара жардамдашуу жөнүндө келишим;

- Кыргызстан менен БАЭ ортосунда жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара жардамдашуу жөнүндө келишим.

Катар Мамлекетине расмий сапар

Президент Алмазбек Атамбаев Катардын Эмири Тамим Бин Хамад Аль Тани менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Бүгүн, 2014-жылдын 8-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Катар мамлекетине расмий сапарынын алкагында Катардын Эмири Тамим Бин Хамад Аль Тани менен кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү кандай тармактарда кыргыз-катар кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Алмазбек Атамбаев менен Тамим Бин Хамад Аль Тани соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылчылыгын белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Президентинин Катар Мамлекетине сапары кыргыз-катар өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде байланыштарды кеңейтүүгө чоң дем жана эки тараптуу кызматташтыкты жаңы мазмун менен байытканга мүмкүнчүлүк берээрине ишеним билдиришти.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип,  энергетика, тоо кен, өнөр жай жана кайра иштетүү тармактарда кызматташуунун перспективаларына көңүл бурууга чакырды

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстандын евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге катышуусу өлкөгө Евразиялык экономикалык союзунун катышуучу-өлкөлөрүнүн 200 миллиондук рыногуна тоскоолсуз кирүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачкандыгын белгиледи. Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кыргызстанда банк ишин жүргүзүү жана салык тармактарында эң либералдуу шарттар түзүлгөндүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде Тамим Бин Хамад Аль Тани Кыргызстан менен Катардын окшоштугун, ошондой эле кыргыз-катар кызматташтыгынын чоң потенциалын белгиледи. Катардын Эмири Кыргыз Республикасынын Президентинин биринчи сапары эки тараптуу мамилелердин жаңы этабын ачканына ишеним билдирди.

Тамим Бин Хамад Аль Тани жакын арада Кыргызстанга экономика тармагында кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө Катардан жумушчу топ бараарын маалымдады. Ал инфраструктура, айыл чарба жана туризм тармактарында катар тараптын кызыгуу жараткандыгын ырастады.

Кыргызстан менен Катардын Өкмөттөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын ортосунда түз байланыштарды түзүүнүн мааниси белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Алмазбек Атамбаев менен Эмир Тамим Бин Хамад Аль Танинин катышуусунда төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана атайын паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы маданият тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы жаштар саясаты тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы туризм тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Бишкек шаарынын мэриясы менен Доха шаарынын муниципалитетинин ортосундагы боордоштук байланышты түзүү жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Катар Мамлекетинин Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

2014-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекети менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Доха шаарында жайгаштыруу менен Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулду.

Катар инвестициялык башкармалыгынын аткаруучу директору жана «Катар Холдинг» менен «Катар Дияр» компанияларынын жетекчилери менен жолугушуу

Бүгүн, 2014-жылдын 8-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Катар Мамлекетине расмий сапарынын алкагында Катар инвестициялык башкармалыгынын аткаруучу директору Ахмад Мухаммад Аль Саед жана «Катар Холдинг» менен «Катар Дияр» компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Катардын бизнес- структураларынын ортосундагы айыл чарба, энергетика жана өнөр жай чөйрөлөрүндө, ошондой эле транспорт жана логистика тармактарында долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташуунун перспективалары талкууланды.

Алмазбек Атамбаев жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, өлкө үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ болгон экономиканын конкреттүү перспективалуу багыттарына токтолду.

Катар Мамлекетине расмий сапары аяктагандан кийин Президент Алмазбек Атамбаев «Аль-Джазира» араб тилиндеги эл аралык жаңылыктар каналына интервью берди, ошондой эле Сауд Аравия Королдугуна, Бириккен Араб Эмираттарына жана Катар Мамлекетине расмий сапарларынын жыйынтыктары боюнча кыргызстандык журналисттердин суроолоруна жооп берди. Мамлекет башчысы түш оодарып Бишкек шаарына сапар тартты.

 

9-декабрь, 2014-жыл
Басып чыгаруу