Президент Алмазбек Атамбаевдин Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуусунун жыйынтыктары

2014-жылдын 11-12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумуна катышуу үчүн барды.

Шанхай кызматташтык уюмунун отурумуна катышуу

2014-жылдын 12-сентябрында Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өткөрүлүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отурумуна катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары отурумдун күн тартибин, кол коюуга даярдалган документтердин тизмесин, ошондой эле ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кийинки отуруму өткөрүлчү жерди талкуулашты.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев диний экстремизмдин өсүшү, Борбордук Азия өлкөлөрүнө террористтик топтордун кирүү коркунучу, ошондой эле региондо баңгитрафиктин көбөйүү тобокелдиги негизги проблемалардан, ошондуктан региодогу мамлекеттер буга өзгөчө көңүл бурууга тийиш экендигин белгиледи. “ШКУ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда өз ара кызматташуунун жогорку деңгээли, максаттуу жана комплекстүү иштерди уюштуруу гана мындай коркунучтарга натыйжалуу бөгөт боло алат деп эсептейбиз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Андан кийин Мамлекет башчысы Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы отурумуна катышты. Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго меймандостугу жана Душанбе шаарында ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин жыйынын мыкты уюштургандыгы үчүн, ШКУга төрагалык милдетти аткарган мезгилде тажик тарап жасаган чоң иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы ошондой эле Уюмга эми төрагалык кыла турган Россия Федерациясына ийгилик каалады.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго меймандостугу жана Душанбе шаарында ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин жыйынын мыкты уюштургандыгы үчүн, ШКУга төрагалык милдетти аткарган мезгилде тажик тарап жасаган чоң иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы ошондой эле Уюмга эми төрагалык кыла турган Россия Федерациясына ийгилик каалады.

Президент Саммитти ийгиликтүү өткөрүү ШКУну мындан ары өнүктүрүүгө, эл аралык деңгээлде анын кадыр-баркын көтөрүүгө жаңы дем берет деген терең ишенимин билдирди. “Бишкек саммитинен кийин ШКУ мүчө-мамлекеттери  Бишкекте жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча өндүрүмдүү иш жүргүздү. Бишкекте өткөн жылы биз тышкы иштер ведомстволорунун башчыларына 2025-жылга чейин ШКУну өнүктүрүүнүн Стратегиясын иштеп чыгып, кароого сунуштоо милдети тапшырылган. Бүгүн биз “2025-жылга чейинки Стратегиянын долбоору жөнүндө” Кеңештин чечимине кол коебуз, бул документти макулдашуу иштерин уюштурууга милдеттендиребиз. Бул маанилүү документ жакынкы 10 жылдыкка Уюмдун ишмермердүүлүгүнүн негизги багытын аныктап калат деп ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары дагы катышкан отурумда.

“Дүйнөдөгүдөй эле региондогу кырдаал татаал. Иракта жана Жакынкы Чыгышта, Сирияда, Ливияда кризис тереңдеп бара жаткандыгы бизди тынчсыздандырбай койбойт”,- деди Алмазбек Атамбаев

“Албетте, биз боордош Украинадагы кырдаалга дагы тынчсызданып жатабыз. Минскиде үч тараптуу жолугушуунун жыйынтыктары жана Украинанын чыгышында атышууларды токтотуу тууралуу Протоколдун бардык пункттарын сактоо кырдаалды мындан ары турукташтырууга негиз түзөт деп эсептейбиз”,-деди Алмазбек Атамбаев

Мамлекет башчысы Афганистанда тынчтык жана туруктуулук болушуна кызыкдар экендигин, Афганистан Өкмөтүнүн демократиялык кайра түзүүлөрдү жүргүзүүгө жана өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга багытталган аракетин колдоого алаарын билдирди. “Бизди Борбордук Азиядагы мамлекеттердин территорияларында аракеттенип жаткан уюшкан кылмыштуу баңги жамааттардын улам күчөп бараткан интеграция процесси тынчсыздандырууда. Биздин оюбузча бул жагдайда баңги заттарын таратууга каршы биргелешип күрөшчү натыйжалуу иштеген системаны калыптандыруу боюнча чечкиндүү чара көрүү зарыл. Менимче, биз мында ары дагы терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге, чектешкен чек аралардагы уюшкан кылмыштуулукка каршы максаттуу иш жүргүзүүгө милдеттүүбүз”,-деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы өз учурунда ШКУ “Шанхай бешилтигинин” негизинде түзүлгөндүгүн жана аскер тармагында ишенимди бекемдөө жана чек ара райондорунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу Макулдашуу беш тараптуу форматта кол коюлгандыгын баса белгиледи. Ал Макулдашуулар азыр дагы күчүндө. “Ушул  келишимдер жалпы евразия регионунда тынчтыкты жана туруктуулукту сактап турууга олуттуу салым кошту. Учурдагы жагдайларды эске алуу менен бардыгыбыз ошол кезде жетишилген келишимдерди кыйшаюсуз сактап, регионубузда ишеним чараларын бекемдөө боюнча бардык күч-аракетибизди жумшоо зарыл деп эсептейм. ШКУ мүчө-мамлекеттеринин чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө биздин приоритеттерибиздин бири болуп калууга тийиш деген ойдомун”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы бул багытта тиешелүү аракеттерди практикалык ишке ашырууну камсыз кылуу максатында чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө тууралуу Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда эки тараптуу негиздеги макулдашуулардын долбоорун кийинчерээк кол коюш үчүн иштеп чыгууга киришүүнү сунуш кылды.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан бара-бара Уюмду чыңдоо ишинде экономикалык кызматташуу бекемдөөчү факторго айланууга тийиш деген позицияны тутунаарын баса белгиледи. “Долбоорлорду ишке ашырууну финансылык коштоонун алкагында биз тез арада ШКУну өнүктүрүү фондун жана өнүктүрүү банкын түзүүнү колдойбуз”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ШКУ түзүлгөндөн бери Кыргызстан анын ишмердигине активдүү  катышып жаткандыгын, уюмдун келечеги кең,натыйжалуу жана кызыгаарлык регионалдык түзүм деп эсептээрин белгиледи. “Биргелешип, бардык жетишилген макулдашууларды бекем сактагандыгыбызды бүт дүйнөгө көрсөтө алабыз деп ойлойм. Бул Уюмубуздун аброюн арттырып, анын мүмкүнчүлүктөрүн жана жетилгендигин далилдейт деп ишенем”,-деди сөзүнүн соңунда Алмазбек Атамбаев.

Шанхай кызматташтык уюмунун отурумунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин башчылары Кеңешинин Душанбе декларациясы.

2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекети статусун алуу максатында арыз жазган мамлекеттин милдеттери тууралуу типтүү Меморандум жөнүндө чечими.

3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекети статусун берүү Тартибин бекитүү жөнүндө чечими.

4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун 2025-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясынын долбоору жөнүндө чечими.

5. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмди жеңүүнүн 70 жылдыгын белгилөө жөнүндө чечими.

6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин чечимдеринин күчүн жоготкондугу жөнүндө чечими.

7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчылары Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун символикасы жөнүндө Токтомун бекитүү жөнүндө чечими.

8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Докладын бекитүү жөнүндө чечими.

9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2013-жылдагы иш-аракети жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмү Кеңешинин Докладын бекитүү жөнүндө чечими.

ШКУга мүчө мамлекеттеринин Башчылары ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча Маалыматтык билдирүүнү кабыл алышты.

Мындан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттеринин Башчыларынын катышуусунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Өкмөттөрү ортосунда эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

ШКУга төрагалык кылуу Россия Федерациясына өттү.

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали рахмон менен жоулугушуу

Андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин маселелери, өз ара кызыгуу жараткан регионалдык проблемалар жана эл аралык актуалдуу маселелер талкууланды. Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн маанисин баса белгилешти.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун принципиалдуу маанисин баса белгилеп, Алмазбек Атамбаев менен Эмомали Рахмон макулдашууларды кыйшаюсуз аткаруунун зарылчылыгынө өзгөчө басым жасашты. Андан тышкары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында инциденттер тез-тез катталгандыгына тынчсыздануусун билдирип, Мамлекет башчылары чек араларда тирешүүнү күчөтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге жол бербөө зарылчылыгына, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө, 2014-жылы катталган инциденттерди иликтөөнү тездетип аягына чыгарууга өзгөчө көңүл бурушту.

Тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетип аяктоонун маанисин дагы бир ирет баса белгилеп, делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссияга өз ара ишеним көрсөтүүнүн, өз ара түшүнүшүүнүн, эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуунун жана компромисстин негизинде мамлекеттик чек ара сызыктарын кагаз бетине түшүрүү боюнча ишти активдештирүүгө милдеттендиришти.

Алмазбек Атамбаев менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнүн маанисин белгилеп, аны мындан ары күчөтүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин ырастап, эки өлкөнүн Өкмөттөрүнө экономикалык байланыштарды бекемдөө жана диверсификациялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда соода жүгүртүүнү күчөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө милдеттендиришти.

Тараптар энергетика тармагында мындан ары кызматташууга даярдыгын ырасташты, энергетикалык алмашууга жана энергетикалык системалар ортосунда өз ара көмөктөшүүгө өзгөчө маани берип, CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу максатында өз ара активдүү аракеттенүүнү улантуу тууралуу макулдашууга жетишишти.

Мамлекет бачылары региондо коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү аянтчага айланган ШКУнун, ошондой эле Уюмдун мүчө-мамлекеттерин биргелешип өнүктүрүүнү стимулдаштыруунун кеңири перспективаларын белгилешти. Тараптар ШКУнун регионалдык маселелерде мындан да активдүү ролун арттырууну колдоого алат жана ШКУнун алкагында саясый экономикалык жана гуманитардык тармактарда, коопсуздук чөйрөсүндө, өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө даяр, региондо узак мөөнөттүү тынчтыкты, биргелешип гүлдөп өнүгүүнү жана гармонияны камсыз кылуу боюнча  күч-аракет жумшайт.

Президент Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди ыңгайлуу учурда Тажикстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Мамлекет башчылары тиешелүү  Коммюнике кабыл алышты.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу

Ошондой эле 2014-жылдын 12-сентябрында Президент Алмазбек Атамбаев Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге энергетика жана транспорттук коммуникациялар тармактары сыяктуу Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү инфрастуктуралык долборлорду ишке ашырууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кытай тарап Кыргызстандын түндүк-түштүк альтернативдик автомобилдик жолунун курулуш долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу үчүн жаңы жеңилдетилген насыя бөлүү боюнча принципиалдуу чечим кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдады.

Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара пайдалуу  өнөктөштүктү бекемдөө үчүн соода-экономикалык эки тараптуу кызматташтыкты мындан аркы кеңейтүү жана тереңдетүү маанилүү экендигин белгилешти.  

Кыргызстан жана Кытайдын башчылары эки өлкөнүн укук коргоо жана күч органдарынын ортосундагы коопсуздук тармагындагы тыгыз өз ара кызматташууну улантуунун зарылдыгын баса белгилешти.  

Президент Алмазбек Атамбаев жана Төрага Си Цзиньпин эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү канааттандыраарлык экендигин, кыргыз-кытай стратегиялык кызматташтыктын баардык багыттары боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин билдиришти.

13-сентябрь, 2014-жыл
Басып чыгаруу