Президент Алмазбек Атамбаевдин Беларусь Республикасына иш сапарынын жыйынтыктары

2014-жылынын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышуучу мамлекет башчыларынын, Евразия экономикалык коомчулугунун (ЕврАзЭС) Мамлекеттер аралык кеңешинин, ошондой эле мамлекет башчыларынын деңгээлинде Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйындарына катышуу үчүн Беларусь Республикасынын Минск шаарына барды.

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп форматтуу кызматташуунун түрдүү маселелерин талкуулашты.

Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев ошондой эле кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүнүн кеңири спектри боюнча өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуулап, энергетика тармагында кызматташууга басым жасашты.

Мындан тышкары Мамлекет башчылары Президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга жакында боло турган мамлекеттик сапарына тиешелүү маселелерди талкуулашты.

 

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу

Президент Алмазбек Атамбаев Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтүп жаткан КМШга катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

КМШ катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында тар чөйрөдө сүйлөгөн сөзүндө Алмазбек Атамбаев Ураинадагы белгилүү окуяларга байланыштуу КМШ үчүн жылдын биринчи бөлүгү абдан татаал болгондугун белгиледи. “Бул багытта КМШга төрагалык кылуу милдетин Белорусия кайрадан мойнуна алганы, ага байланыштуу маселелер, албетте, абдан маанилүү болгондугун дагы бир ирет белгилеп кетем. Белорусиялык коллегаларыбыз бүгүнкү жолугушууну уюштуруу жана бул форматты колдоо боюнча көп иштерди жасашты”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Казакстандын болочоктогу КМШдагы төрагалык кылуусу “Шериктештикти өнүктүрүүгө жаңы түрткү берээрине” ишенимин билдирди. ”Өз кезегинде КМШ Аткаруу комитетининин сунушу боюнча биз 2015-жылы Шериктештикте теңтөрагалык кылууга макулдугубузду бердик. Ошондой эле  Кыргызстанда 2015-жылдын апрелинде КМШ ТИМК кезектеги жыйынын өткөрүүгө макулдугубузду бердик. Ал эми андан кийин, 2016-жылы КМШга толук кандуу төрагалык кылуу милдетин моюнга алууга макулбуз. Анткени биз азырынча кызматташуунун мындай аянчасын башка формат алмаштыра албасына ынандык. Андан кайсы бир себептер менен баш тарткандар биринчи кезекте өзүнө өзү зыян келтирет”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы талкууга коюлган маселелер тууралуу кеп кылып келип, Мамлекет башчысы Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык мааракесине даярдык көрүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи.”Бул мен фронтовиктин баласы болгондугум үчүн гана эмес. Бул улуу Жеңиш болгон, ошондуктан мааракени татыктуу тосуп алуу - биздин милдетибиз. 2015-жыл бизде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жылы деп жарыяланды. Биз буга алдын-ала даярдык көрүүгө, бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө милдеттүүбүз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев сөзүнүн акырында Кыргызстан КМШ алкагында көп тармактуу кызматташууну бекемдөөнү жана Шериктеш өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү колдоорун билдирди.

Документтерге кол кюуу

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин кеңири курамдагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

КМШга катышуучу мамлекет башчылары төмөндөгү документтерге кол коюшту:

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта совет элинин Жеңишинин 70 жылдыгына байланыштуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин  элдерине жана дүйнө коомчулугуна Кайрылуусу жөнүндө» чечими;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын баңги заттарды контролдоонун эл аралык системасын сактоо жана чыңдоо тууралуу Билдирүүсү жөнүндө» чечими;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин «КМШга катушуучу мамлекеттердин региондор аралык кызматташуусун өнүктүрүүдө КМШга катышуучу мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын ролу жөнүндө» чечими;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин «2015-жылы Россия Федерациясында жана Тажикстан Республикасында «Шериктештиктин маданий борборлору» Мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруу жөнүндө» чечими;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин «2015-2019-жылдары мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуу Программасы жөнүндө» чечими;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин «Адамдарды сатууга каршы туруу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин  кызматташуу Концепциясы жөнүндө» чечими;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин «Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги ортосунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин Катчылыгынын Россия Федерациясында болуу шарттары тууралуу Макулдашуусунун долбоору жөнүндө» чечими;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2016-жылды Билим берүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» чечими;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин чечимдеринин аракетин токтотуу жөнүндө чечими;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешине караштуу абада коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитеттин төрагасы жөнүндө” чечими;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде төрагалык кылуу жөнүндө” чечими;

Ошондой эле КМШга катышуучу мамлекет башчыларынын катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин тышкы мамлекеттик чек араларында чек ара коопсуздугуна коркунучтарга карата ыкчам аракет көрүү үчүн чек ара ведомстволорунун адистеринин (эксперттердин) биргелешкен топторун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө Макулдашуу;

- 2012-жылдын 5-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин Кеңешин түзүү тууралуу Макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө Протокол;

- «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин мындан ары өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралардын Планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө» протоколдук чечим;

- 1995-жылдын 10-февралында кол коюлган 1993-жылдын 24-сентябрындагы  качкындарга жана аргасыздан көчүрүлгөндөргө жардам берүү тууралуу Макулдашууга Протоколдун аракетин токтотуу жөнүндө Протокол;

- 1997-жылдын 28-мартында Экономикалык союздун Мамлекеттер аралык экономикалык комитетинин кызмат адамдарынын жана мамлекет өкүлдөрүнүн укуктук статусу тууралуу Макулдашуунун аракеттерин токтотуу жөнүндө Протокол;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө.

 

Евразия экономикалык коомчулугунун Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышуу

Мамлекет башчысы Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык коомчулугунун Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты.

“Евразия экономикалык коомчулугу эл аралык уюм катары азыркы этапта өзүнүн негизги милдеттерин аткаргандыгын сезип турабыз. Биз экономикалык өнүгүү жолунда жаңы чекке келдик. Ал экономикалык өсүүнүн перспективаларын кыйла жакшырта алат. Ошондой эле дүйнөлүк экономиканын туруксуз болушунун, бул же тигил кризистик көрүнүштөрдүн кирип кетүү коркунучунун шарттарында өлкөлөрүбүзгө туруктуулукту сактоо жөндөмдүүлүгүн тартуулайт”, - деди Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы тарыхый тажрыйбаны жана көп жылдар бою түзүлгөн экономикалык байланыштарды эстен чыгарууга болбостугун эскертти. “Евразия экономикалык коомчулугу түзүлгөн 15 жылдын аралыгында социалдык-гуманитардык кызматташуунун, миграциялык саясаттын жана айлана чөйрөнү коргоо маселелерин кошо камтыган көп жылдарга алдыга интеграциянын болочок багыттарын аныктадык. Евразия экономикалык коомчулугуна катышуучу мамлекеттердин территорияларын рекультивациялоо боюнча уран иштетүүчү өндүрүшкө тиешелүү Мамлекеттер аралык максаттуу программа бекитилди. Бул проблема бизге Советтер Союзу ыдыраганда мурас катары калган. Кыргызстан мындай экологиялык проблеманы өз алдынча чечиши абдан кыйын. Алгачкы атомдук бомбалар кыргыз уранынан жасалган”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошондой эле Евразия экономикалык коомчулуктун Антикризистик фондунун мындан аркы ишмердиги актуалдуулугун жоготкон жок деп белгиледи. “Евразия экономикалык коомчулуктун Антикризистик фонду, рекультивация боюнча программа Евразия экономикалык коомчулук өз ишмердигин токтоткондон кийин дагы иштей берүүгө тийиш деп эсептейм”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн Евразия экономикалык коомчулук өз ишмердигин токтоткондон кийинки жыйынтыгы Евразия экономикалык союздун, анын органдарынын ишмердигине толук кандуу катышышы болот деп баса белгиледи. “Мына ошондо гана биз Евразия экономикалык коомчулуктун максаты жана милдеттери толук аткарылды деп эсептей алабыз. Натыйжалуу жана өз ара пайдалуу интеграция – өлкөлөрүбүзгө глобалдуу дүйнөлүк экономикада өзүнүн татыктуу ордун табууга жол ачат деп ишенем. Өлкөлөрүбүз биримдикте гана ийгиликке жана гүлдөп өнүгүүгө жетише алат”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Евразия экономикалык союздун алкагында биргелешкен жемиштүү иштерди улантууга ишенимин билдирди.

Жыйындын жыйынтыгы менен төмөндөгү документтерге кол коюлду: Евразия экономикалык коомчулуктун ишмердигин токтотуу тууралуу Евразия экономикалык коомчулуктун Мамлекеттер аралык кеңешинин чечими жана «Евразия экономикалык коомчулуктун ишмердигин токтотуу тууралуу» келишимдин долбоору жөнүндө чечим; Евразия экономикалык коомчулуктун органдары ишмердиги токтоткондугуна байланыштуу иш чаралар тууралуу Евразия экономикалык коомчулуктун Мамлекеттер аралык кеңешинин чечими; Евразия экономикалык коомчулуктун 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчет.

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынына катышуу

Президент Алмазбек Атамбаев Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынына катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан үчүн Бажы союзуна кириши жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу - тышкы экономикалык саясаттагы маанилүү приоритеттери экендигин белгиледи. “Биз интеграция жолунда бирге бара жатабыз. Бул биздин жалпы максатыбыз. Биз биргелешип Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушу боюнча Жол картасын колдодук. Кыска мөөнөттүн аралыгында Евразия экономикалык комиссиясы менен бирдикте көп иштер аткарылды. Бажы союзу боюнча Жол картасын аткаруунун алкагында Кыргызстан өлкөнүн парламентине тиешелүү мыйзам долбоорлорунун пакетин киргизди. Дээрлик бардык фракцияларда колдоого ээ болду”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын пикири боюнча бажы инфраструктурасынын деңгээлин жогорулатуу, сапаттын инфраструктурасын жакшыртуу жана маалыматтарды алмашуунун системасын ишке киргизүү боюнча иш-чаралар Бажы союзу боюнча Жол картасын ишке ашыруунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. “Аталган иш чаралар Бажы союзуна кирүүнүн техникалык маанилүү бөлүгү. Биз аларды сиздердин жигердүү жардамыңыздар алдында белгиленген мөөнөттө бүткөрөбүз деп турабыз. Биз, албетте. Жаңы жылды союздун толук кандуу мүчөсү катары тоссок деген ниеттебиз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Кыргызстан менен Бажы союзунун бажы төлөмдөрүнүн айырмачылыгы болгондуктан керектөөчүлөр үчүн маанилүү болгон бир катар товарлардын баасы кескин көтөрүлөөрүн түшүнүп турабыз. Буга карабастан Кыргызстан катышуучу өлкөлөрдүн чек аралары менен тышкы чек араларда бажы контролун жоюу үчүн тарифтик алып коюуну максималдуу кыскартууга атайылап барып жатат. Союздун фундаменталдык идеясы катары товарлардын эркин орун которуштуруусу иш жүзүндө камсыз болууга тийиш. Кыргызстан жылдын аягына чейин Евразия экономикалык союзуна кирүүгө даярданып жатат. Бул процессте капиталдын, адам ресурстарынын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өлкөлөр ортосунда эркин агымы боюнча колдоо күтүп жатабыз. Кыргызстан дайыма Евразия интеграциялык процесстин активдүү жактоочусу болгон жана боло берет. Кыргызстан интеграциялык процесстерге активдүү катышкандыгын тыштан жана ичибизден сындагандар талкууну эмоционалдык деңгээлге түшүрүп жатышат. Атаыйлаппы же башка себептенби, айтор, экономикалык жүйөлөр экинчи планга жылып, негизинен сөз эгемендүүлүктү жоготуп коюу тууралуу жүрүп жатат. Негизи бул чындыкка коошпойт. Эгерде өлкө маанилүү тармактарда экономикалык саясатты башкарууну Евразия экономикалык комиссияга - улуттан жогорку органга берсе, анысы үчүн бул тармактарда чечимдер кабыл алынганда тиешелүү сандагы добушка ээ болбой калса, анда сынчыларыбыз коомдо бир топ салмактуу колдоого ээ болот. Ошондуктан Евразия экономикалык союздун уюштуруучу өлкөсү катары Кыргыз Республикасынын статусун эске алып, Евразия экономикалык союз тууралуу Келишимдин толук кандуу катышуу боюнча негизги принцибинен улам, Кыргызстан Евразия экономикалык союздун башкаруу органдарында Евразия экономикалык союз тууралуу Келишимге кол койгон өлкөлөр менен бирдей орундарды ээлейт деп терең ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы өзүнүн коллегаларын жогоруда айтылгандарды эске алуу менен чечим кабыл алып, Евразия экономикалык комиссиясына тараптар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кошулуу жөнүндө Келишимдин долбоорун түзүү боюнча тапшырма берүүнү өтүндү.

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык союзунун түзүлүшүн жана Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна толук укуктуу мүчө болууга ниетин эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар («жол картасы») жөнүндө Билдирүүгө кол коюлду.

 

11-октябрь, 2014-жыл
Басып чыгаруу