Президент Алмазбек Атамбаевдин Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия, Германия жана Европа союзунун институттарына (Брюссель) сапарынын жыйынтыктары

2015-жылынын 22-март-1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасына, Франция Республикасына, Швейцария Конфедерациясына, Бельгия Королдугуна (Европа союзунун институттарына) жана Германия Федеративдүү Республикасына расмий жана иш сапарлары менен барып келди.

Австрия Республикасына расмий сапар

Президент Алмазбек Атамбаев Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер менен жолугушуу

2015-жылдын 23-мартында Президенти Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Вена шаарында Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишер менен «Хофбург» Президенттик ак сарайында жолугушту.

Президенттик ак сарайдагы расмий кабыл алуу аземинен кийин өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Австриянын ортосунда саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер эл аралык абал боюнча пикир алмашып, Борбордук Азиядагы жана Украинадагы кырдаалды талкуулап, Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда мындан аркы өз ара кызматташуунун негизги багыттары боюнча ойлорун айтышты.

“Эки жыл мурда мен расмий сапар менен Кыргызстанда болгом, азыр Сизди бул жерде кабыл алууга абдан куштармын. Сиз жооп иретинде Австрияга келүү тууралуу чечим кабыл алганыңызга абдан ыраазымын. Мунун өзү өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жакшы кызматташуунун мыкты белгиси. Биздин өлкөлөрүбүздүн көп жалпылыктары бар, Кыргызстан парламенттик башкаруудагы, демократиялык принциптерди туу туткан өлкө. Демократия - татаал иш, ошондуктан биз Кыргызстандын өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алгандыгын колдойбуз”, - деди Хайнц Фишер.

Австриянын Федералдык Президенти кыргыз-австрия кызматташуусунун потенциалын белгилеп келип, инвестицияларды коргоо жана укук коргоо тармагында кызматташуу боюнча пландарына токтолду. “Мен жеке өзүм жана Австрия  Кыргызстандын биздин өлкө менен да, Европа союзу менен дагы мындан аркы кызматташуусун колдойбуз”, - деди Хайнц Фишер.

Австриянын Президенти Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга, тактап айтканда коррупцияга каршы күрөшкө токтолду. “Биз Кыргызстандын Эл аралык антикоррупциялык академияга кошулуу тууралуу чечимин колдойбуз”, - деди Хайнц Фишер.

Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кирүү боюнча маселесине келгенде Хайнц Фишер, бул чечимди Кыргызстан жеке өзү гана кабыл алышы керектигин, ошондой эле Европа союзунун мамлекеттери менен болгон мамилелердин мындан ары да өнүгүшүн кубаттаарын билдирди.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Европа союзунун элдеринин жалпы демократиялык баалуулуктары бар экендигин жана эки мамлекеттин ортосунда ишке ашырылбаган кызматташуу потенциалы жөнүндө белгилеп өттү. “Бизди Европа союзунун беш мамлекетине чакыруу бул Кыргызстанда демократия орнотулуп жаткандыгына Европа  ишеним артып кабыл алгандыгын билдирет. Экономикада жана саясатта биригип көп нерселерди ишке ашырабыз деп ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Евразиялык экономикалык союзга кирген мамлекеттер жалпы экономикалык кызыкчылык бар экендигин жакшы билишет. Бирок уюмдун ар бир мүчө-мамлекетинин саясатта жекече өнүгүү жолу бар. Биз демократиялык жолду тандадык, ушул жолубуздан эч качан кайтпайбыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ошону менен бирге, Мамлекет башчысы Украинадагы кырдаал тууралуу да оюн билдирди. Азыркы түзүлгөн кырдаалды оңдоо үчүн Минск макулдашуусун бардык тараптар тең аткаруусу зарыл экендигин баса белгиледи. “Өз ара тирешүү жакшылыкка алып келбейт, кырдаалды гана курчутат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында Россия тарап Европа менен болгон мамилени жөнгө салууга жана Украинадагы согушту токтотууга кызыктар.

Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү аяктаган соң, алардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Австрия Республикасынын Эл аралык жана европалык иштер министрлигинин ортосунда 2015-2016-жылдарга кызматташуу Программасына кол коюлду.

Андан соң, Президент Алмазбек Атамбаев жана Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер биргелешкен пресс-конференция өткөрүштү.

Кыргыз-австриялык бизнес-форумга катышу

2015-жылдын 23-мартында Президенти Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Австрия Республикасынын Федералдык экономикалык палатасында өткөрүлгөн кыргыз-австриялык бизнес-форумга катышты.

Мамлекет башчысы бизнес-форумдагы сөзүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, өлкөдө улуттук экономиканы либералдаштырууга, макроэкономикалык стабилдүүлүктү жогорулатууга жана улуттук валютанын туруктуулугун арттырууга багытталган бир катар реформалар жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. Президент мамлекет коррупцияга каршы аоесуз күрөш жүргүзүп жаткандыгынын маанисин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй региондун экономикасын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон өлкөдөгү ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор туурасында айтып берди. “Биз бардык процесстерди ачык-айкын, транспаренттүү, президенттен жана өкмөттөн көз каранды болбогондой кылып жатабыз. Биз иш жүргүзүүнүн жаңы принциптерине өтүп жатабыз. Биз бизнесмендин корголушуна, салыктар минималдуу болушуна жетишебиз, текшерүүчү органдардын  санын кыскартып жатабыз”, - деди Алмазбек Атамбаев. Кыргызстанда таза иштеген бизнесмендерге кеңири жол ачылып жаткандыгын кошумчалады.

Мамлекет башчысы банк секторун австриялык бизнес-чөйрөгө кызыктуу тармактардын бири катары  атады. Алмазбек Атамбаевдин пикири боюнча өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн пайыздык ставкасы төмөн болгон кредиттерге суроо-талап сезилип жатат.

Мамлекет башчысы ошондой эле азырынча потенциалынын 10%-15% гана ишке пайдаланылган өлкөнүн энергетикалык тармагына токтолуп, Азия регионундагы бир катар өлкөлөрдө электр энергиясына суроо-талап бар экендигин белгилеп өттү.

“Биз силердин жол менен - демократия жолу менен баратабыз, бизде сөз эркиндиги бар, митингдер жана пикеттер - кадыресе көрүнүшкө айланды. Биз жайык жерди карай умтулуп, буркан-шаркан болуп тез аккан тоо суусуна окшошпуз. Биз татаал сыноолорду, өзүбүздүн араб жазын басып өттүк”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктардын жаратылышына европалык баалуулуктар жакын экендигин, Кыргызстан эли адилетсиздикке эч качан чыдабастыгын жана эркиндикти туу тутаарын белгиледи. “Сиздер Кыргызстанда жакшы досторду  таап, элибизди жана өлкөбүздү жакшы көрүп калаарыңарга ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Бизнес-форумдун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын, өлкөнүн бизнес-чөйрөсүнүн өкүлдөрү тарабынан Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу бир катар бет ачарлар тартууланды.

Жолугушуунун соңунда Президент Алмазбек Атамбаев менен Федералдык экономикалык палатанын вице-президенти Рихард Шентцтин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу  инвестицияларды илгерилетүү боюнча агентствосу менен Австрия Республикасынын Федералдык экономикалык палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Австрия Республикасынын Парламентинин Федералдык кеңешинин Төрайымы Соня Цвацл менен жолугушуу

2015-жылдын 23-мартында Президенти Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Австрия Республикасынын Парламентинин Федералдык кеңешинин Төрайымы Соня Цвацл менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-австриялык эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары, парламенттер аралык аракеттенишүү жана башка актуалдуу эл аралык маселелер талкууланды.

Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин Төрайымы Соня Цвацл  коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууга байланыштуу кыйынчылыктарды жеңип, Кыргызстанда демократияны чыңдоодогу жетишкендиктерди өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын түрдүү тармактарында жүрүп жаткан реформалар жана кайра түзүүлөр, тактап айтканда парламентаризмди өнүктүрүү тууралуу айтып берди.

“Бир нече жылдан бери Европа Кыргызстанга көз салып жүрдү. Европадагы беш мамлекетке келип кетүү туралуу чакырууну мен сиздердин колдооңуздар жана Кыргызстандын демократияны карай алган багытына ишеним катары кабыл алдым”, - деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.

 

БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Аткаруучу директору Юрий Федотов менен жолугушуу

2015-жылдын 24-мартында, Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Аткаруучу директору Юрий Федотов менен Вена шаарындагы БУУнун бөлүмүндө жолугушту.

БУУнун башкармалыгынын Аткаруучу директору Юрий Федотов Мамлекет башчысын жылуу кабыл алып, Президент менен Венада жолугушкандыгына кубанычта экендигин билдирди. ”Биз эки тараптын кызматташуусун мындан да натыйжалуу жана жыйынтыктуу кылуу үчүн сиздер тараптын маселелерин жана артыкчылыктарын талкуулоого даярбыз. Сиз БУУнун төрт башкы кеңселеринин бирине келдиңиз. Вена эл аралык ири уюмдардын жайгашуусу үчүн жагымдуу борборго айланууда. БУУнун 70 жылдыгы белгиленчү жылы бул жерге сапар тартып келгениңиз жакшы жышаан. Биз Сиздин көңүл бурганыңызды, биздин программаларыбызга Кыргызстанда колдоо көрсөткөндүгүңүздү жогору баалайбыз жана мындан ары да чогуу иш алып барууга даярбыз”, - деди Юрий Федотов.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан конкреттүү программаларга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы баңги заттар трафигине жана кылмыштуулукка каршы күрөш өкмөттүн күн тартибинде эң маанилүү маселелердин катарында турат деп белгиледи. “Ошондуктан биз мындан ары да биргелешкен активдүү ишибизди улантууга тийишпиз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен мында ары да активдүү биргелешкен иш алып бараарына ишенимин билдирди. “Кыргызстанда көптөгөн алдын алуу иштерин талап кылган баңги заттар трафигине, баңги заттар кылмышына байланыштуу орчундуу маселелер бар. Мен бүгүнкү жолугушуубузга, биргелешкен иштерди талкуулаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө кубанычтуумун”, - деди Алмазбек Атамбаев.

ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер менен «Кыргызстан - жаш демократия үчүн мүмкүнчүлүк» фотокөргөзмөсүнө бару

2015-жылдын 24-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер менен бирге Вена шаарында уюштурулган «Кыргызстан - жаш демократия үчүн мүмкүнчүлүк» фотокөргөзмөсүн  көрүп чыкты.

Фотокөргөзмөгө кыргыз фотожурналисттеринин 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларды чагылдырган, ошондой эле  кыргыз элинин бай маданиятын жана 2014-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары тууралуу баяндаган документалдуу фотосүрөттөр коюлган.

Фотокөргөзмөнү белгилүү журналист Лейла Саралаева ачып, анын максаты туурасында баяндап берди. “Кыргызстандын тарыхынын жүрүшүн өзгөрткөн маанилүү окуядан бери беш жыл өттү. Ошол күнү өлкөдө элдик революция ишке ашырылып, анын жыйынтыгында Бакиевдин кылмыштуу бийлиги кулатылган. 2010-жылдын 7-апрели Кыргызстанга кайгы, баш-аламандыкты алып келди. 87 адам каза болуп 400дөн ашуун жаш азаматтар жарадар болгон. Бирок ошол күн өлкөбүздүн турмушундагы оор тилкеге биротоло чекит коюп, ишеним, үмүт жаратып, өлкөнү кайра жандандырып, өнүктүрүүгө дем берди”, -деди фотокөргөзмөнүн уюштуруучусу Лейла Саралаева.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев менен ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер менен жолугушуу

2015-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Башкы катчысы Ламберто Заньер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуу маселелери талкууланып, түрдүү тармактарда өз ара аракеттенишүүнүн мындан аркы перспективалары каралды.

ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер Кыргызстандын өлкөдө коомдук-саясый туруктуулукту сактоодогу, парламенттик демократия куруудагы, демократиялык институттарды өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин белгиледи.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташуусунун маанисин баса белгилеп, өлкөдө таза жана ачык-айкын шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча пландары туурасында айтып берди. “Үстүбүздөгү жылдын күзүндө Кыргызстанда маанилүү окуя - парламенттик шайлоолор өткөрүлөт. Шайлоолорду максималдуу таза өткөрүү зарыл. Өлкөдө шайлоолорду эски эрежелердин негизинде өткөрүү боюнча  аракеттер бар. Биз парламенттик шайлоолорду жаңы эрежелердин негизинде жаңы жетишкендиктерди колдонуу менен өткөрөлү дегенбиз. Себеби эки жарым жылдан кийин Кыргызстандын жаңы Президентин шайлоо өткөрүлөт. Ал жерде ачык-айкындык жана таза өткөрүү өзгөчө мааниге ээ болот. Сиздердин жардамыңыздар менен биз парламенттик шайлоолорду татыктуу өткөрүп, 2017-жылдагы президенттик шайлоого даяр болобуз деп ойлойм”, - деди Алмазбек Атамбаев.

ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоолорго даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө Уюм даяр экендигин билдирди.

Франция Республикасына расмий иш сапар

Кыргыз-француздук бизнес-форумга катышу

2015-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Франция Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Париж шаарында Франция Республикасынын Ишкерлер союзунда уюштурулган кыргыз-француздук бизнес-форумга катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө 800 000 ашуун ишкананы бириктирген Франциянын Ишкерлер союзунун жетекчилери жана өкүлдөрү менен ошондой эле төрага Жан Бюрел менен жолуккандыгына сыймыктанаарын билдирди. Президент Кыргызстанда Францияга, анын тарыхына, адабиятына жана маданиятына өзгөчө сезим менен мамиле жасаарын белгиледи.

Бизнес-форумда сүйлөгөн сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө жана Кыргызстандын экономикасынын келечектүү тармактарына токтолду.

Президент мамлекеттик органдар тарабынан Кыргызстандын экономика тармагындагы процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүп жаткан саясатын, коррупцияга каршы күрөштү, ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы негизги артыкчылыктарды белгилеп кетти.

Биз, Кыргызстан эркин элдин, эркин ишкерлердин мамлекети болушу үчүн бардык күч-аракетти жумшайбыз. Инвестор, ишкер Кыргызстанда өз өлкөсүндө жүргөндөй сезиши керек, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ишкерлерди текшерүүлөрдү азайтуу жана алардын ишмердигин либерализациялоо максатында укук коргоо жана күч органдарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө деп билдирди Президент.

Мамлекет башчысы мындай иш чаралар жыйынтыгын берди, үч жылдын ичинде мамлекеттин бюджетинин киреше бөлүгү эки эсеге көбөйдү, ал эми бажы төлөмдөрү үч эсеге өстү, деп баса белгиледи.

Мамлекет башчынын айтымында Кыргызстан Евразиялык экономикалык союздун мамлекеттеринин жана Кытайдын рыногуна чыгууга «ачкыч» боло алат, ушуга байланыштуу, мамлекеттин келечекте Евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге катышуусу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев француз ишкерлерин Кыргызстанга - эркин жана ачык экономиканы куруп, демократиялык принциптерди туу туткан мамлекетке инвестиция салууга чакырды.

Франциянын Президенти Франсуа Олланд менен жолугушуу

2015-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Франция Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Франция Республикасынын Президенти Франсуа Олланд менен Елисей ак сарайында жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Франциянын саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечектеги  маселелери талкууланды. Мамлекет башчылары эл аралык маселелерге токтолуп, тагыраак айтканда Борбордук Азиядагы жана Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Франциянын Президенти Франсуа Олланд Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Парижде жолугуп жаткандыгына кубанычта экендигин, демократияны өнүктүрүүдөгү, социалдык-экономикалык программаларды жана плюрализм принциптерин Кыргызстанда ишке ашыруудагы жетишкендиктерди кубаттаарын билдирди.

Сиз демократиялык шайлоонун жыйынтыгы менен шайлангансыз. Кыргызстанда демократия мындан ары дагы өнүгүшү үчүн ар тараптуу жардам беребиз, - деди Франсуа Олланд.

Франциянын Президенти экономикалык багытта эки тараптуу кызматташууну күчөтүүнүн маанисин белгилеп, тактап айтканда гидроэнергетика жана агроөндүрүш комплекси тармактарында долбоорлорду ишке ашырууда өз ара аракеттенишүүнү активдештирүү керек экендигин билдирди.

Кыргызстан энергетикалык ресурстарга бай болбосо да, француз ишкерлеринин көңүлүн көбүрөөк бурууга татыктуу, - деди Франсуа Олланд.

Андан тышкары Франциянын Президенти маданият аралык диалогдун маанисин, кыргыз-француздук маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү керектигин өзгөчө белгиледи.

Биз илим жана билим тармактарында байланышты активдештирүү үчүн сиздин Өкмөтүңүз менен эриш-аркак иштешүүгө даярбыз, - деди Франсуа Олланд.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Президенти Франсуа Олландга Франциянын аймагында кыйраган самолетто жарандардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Мамлекет башчысы каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүн жолдоду.

Кыргыз-француздук мамилелер тууралуу кеп кылып келип, Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду күчөтүү керектигин, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташууну активдештирүүнүн маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы  кыргызстандыктарга европалык баалуулуктар, биринчи кезекте эркиндик жана демократия принциптерин урматтоо абдан жакын экендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Франциянын Президенти Франсуа Олланд салабаттуу диалогдун жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешти, ошондой эле бул жолугушуу менен кыргыз-француздук мамилелердин жаңы этабы башталгандыгын бир пикирден билдиришти.

Мамлекет башчыларынын пикири боюнча Кыргызстандын алдыдагы Евразия экономикалык союзуна кошулуусу Кыргызстандын Европа союзу жана Франция менен мамилелерин активдештирүүгө мындан дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Франциянын Президенти Франсуа Олланд ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү үчүн кызматташууну күчөтүүгө, анын ичинде Европа союзу жана ЕККУ тарабынан эксперттик кызмат көрсөтүүлөр аркылуу Кыргызстанда алдыдагы 2015-жылдагы парламенттик жана 2017-жылы президенттик шайлоолорду уюштурууга өз ара умтуулусун билдиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Президенти Франсуа Олландка жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Франциянын Президентин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен Коммюнике кабыл алынды.

Швейцария Конфедерациясына расмий сапар

Швейцария Конфедерациясынын Президенти Симонетта Соммаруга менен жолугушуу

2015-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Швейцария Конфедерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында Берн шаарында Швейцария Конфедерациясынын Президенти Симонетта Соммаруга менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтуу маселелери талкууланып, ошондой эле эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн мындан ары өз ара аракеттенүүнүн перспективалары каралды.

Мамлекет башчылары ошондой эле эл аралык маселелердин негизги аспекттери боюнча пикир алмашышты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Швейцариянын Президенти Симонетта Соммаруга кыргыз-швейцариялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн жана биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду улантуунун маанисин белгилешти.

Жолугушуу бетме-бет форматында өткөрүлдү.

Швейцариянын тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер менен жолугушуу

2015-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Швейцария Конфедерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында Берн шаарында Швейцария Конфедерациясынын тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-швейцариялык мамилелердин актуалдуу маселелери, ошондой эле түрдүү тармактарда, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенишүүнүн мындан аркы пландары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Швейцария Конфедерациясынын тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер кыргыз-швейцариялык саясый диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, өлкөлөр ортосунда түрдүү тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө макулдашышты.

Кыргызстанда алдыда боло турган парламенттик жана президенттик шайлоолорго тиешелүү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Президент Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылы парламентке таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү боюнча мамлекеттик органдар бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын белгиледи.

Биз үчүн таза жана ачык-айкын парламенттик шайлоолорду өткөрүү абдан маанилүү. Бул президенттик шайлоолордун алдындагы башкы репетиция болуп калууга тийиш. Эл эки жылдан кийин президенттик шайлоолор дагы ушундай эле таза жана ачык-айкын өткөрүлөөрүн билиши керек, - деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Дидье Буркхальтер Швейцария шайлоо процесстерин өткөрүүдө Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтөт, ошого байланыштуу бир катар долбоорлор ишке ашырылат деп баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле Украинадагы кырдаалга байланыштуу, Кыргызстандын интеграциялык процесстерге катышуусуна тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашышты.

Бельгия Королдугуна иш сапар

Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц менен жолугушуу

2015-жылдын 26-мартында Президенти Алмазбек Атамбаев Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Президент Алмазбек Атамбаев менен Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты.

Биз жакшынакай жолугушуу өткөрдүк. Биз ойлорубуз менен ачык-айрым бөлүштүк, жолугушуу мага терең  таасир калтырды. Ушул жолугушуудан кийин Европа союзу менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүк мындан да маанилүү болооруна ишенем, ошондой эле, урматтуу Президент, Европа парламенти Сизге дайыма колдоо көрсөтөт деп мен Сизге ишенимдүү айта алам. Жылдын экинчи жарымында мен Кыргызстанга барганы жатам, ошондо дискуссияны улантабыз деп ишенем, - деди Мартин Шульц.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Президенти Франсуа Олланд жана Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц менен жолугушуудан кийин Украина жана Молдовага байланыштуу Европа союзунун аталган лидерлери менен Россиянын позицияларын кайсы бир деңгээлде жакындатууга мүмкүн болгонун белгиледи.

Европа комиссиясынын Төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушуу

2015-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын Төрагасы Жан-Клод Юнкерменен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев менен Европа комиссиясынын Төрагасы Жан-Клод Юнкер Кыргызстандын Европа комиссиясы менен кызматташуусунун абалын жана перспективасын талкуулап, ошондой эле эл аралык маселелерге дагы токтолушту.

Европа комиссиясынын вице-президенти Андрус Ансип менен жолугушуу

2015-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жана Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын вице-президенти, маалыматтык технологиялар тармагындагы ири долбоорлордун ишке ашырылышына кураторлук кылган Андрус Ансипменен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа комиссиясынын ортосунда маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташуусунун перспективалары талкууланды.

Мамлекет башчысы Европа комиссиясынын вице-президенти менен Кыргызстанда алдыдагы парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде жаңы технологияларды колдонууга жана маалыматтарды коргоого тиешелүү маселелерди дагы талкуулады.

Европа комиссиясынын вице-президенти Андрус Ансип бирдиктүү санариптик рынокту түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айтып берип, электрондук маалыматтар менен алмашуу системасын түзүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пландары менен бөлүштү. Калктын электрондук маалыматтык базасын коррупцияга каршы күрөштө пайдалануу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн, анын ичинде салык чогултуу жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча системасын өнүктүрүүдөгү европалык өлкөлөрдүн тажрыйбаларынын мисалдары келтирилди.

Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Туск менен жолугушуу

2015-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жана Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Туск менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн түрдүү тармактарындагы кызматташуу маселелери, демократияны мындан ары бекемдөө боюнча пландар талкууланып, ошондой эле регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен  Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Туск Кыргызстанда жана Борбордук Азия регионунда коомдук-саясый кырдаалдын өнүгүүсүнө, анын ичинде диний чөйрөгө көңүл бурушту.

Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушуу

2015-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жана Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында Брюссель шаарында Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушту.

«Бетме-бет» форматында өткөн жолугушууда кыргыз-бельгиялык мамилелерин өнүктүрүү маселелери, ошондой эле түрдүү тармактарда мындан ары кызматташуунун перспективалары талкууланды.

«Евроньюс» телеканалына интервью берүү

2015-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жана Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында «Евроньюс» европалык маалыматтык телеканалына интервью берди.

Интервьюнун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, Европа союзунун өлкөлөрүнө жана институттарына сапар, европалык өлкөлөр менен мамилелерди мындан ары активдештирүү, ошондой эле өлкөнүн евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерге катышуусу тууралуу айтып берди.

Маалымат үчүн: «Евроньюс» - европалык күнү-түнү көрсөтүүчү маалыматтык телеканал, дүйнө окуяларынын видеохроникасын жана 14 тилдеги аудикомментарийлерди камтыйт. Телеканалдын аудиториясы 300 миллиондон ашуун көрүүчүлөр, 150дөн ашык өлкөдө көрсөтүлөт.

Эксперттер жана журналисттер коомчулугунун, Бельгиядагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жолугушуу

2015-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жана Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында Брюссель шаарында эксперттер жана журналисттер коомчулугунун, ошондой эле Бельгия Королдугундагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жолугушту. «Кыргыз Республикасы: демократиялык реформалар жана тышкы саясаттагы приоритеттер» аталышындагы жолугушуу Европа союзуна караштуу Бавария Эркин мамлекетинин Өкүлчүлүгүндө өткөрүлдү.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өлкөнү демократиялаштырууну карай тандап алган багыты туурасында айтып берди.

Мамлекет башчысы 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга токтолуп, өлкө татаал сыноолорду баштан кечирип, оор жоготууларга учурагандыгын белгиледи. Президенттин сөзү боюнча биринчи революциядан кийин адамдардын үмүтү акталган жок, бир үй-бүлөлүк кландын ордуна андан дагы коркунучтуусу келди. “Оппозиционерлерди да, бизнесмендерди да, журналисттерди дагы өлтүрө башташты. Болгондо да өтө мыкаачылык менен өлтүрүп жатышты”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент аталган окуяларда өзүнүн ролуна дагы бир аз токтолуп, апрель революциясынан кийин өлкө парламентаризмди, демократияны жана сөз эркиндигин карай багыт алгандыгын баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев ошол оор 2010-жылы кыска мезгилдин аралыгында Кыргызстандын түштүгүндөгү от алган улуттар аралык кагылышуулардын кесепетин жое алгандыгын белгиледи. “Биз ал сыноодон дагы өтө алдык, эл мунун чоң провокация экендигин түшүндү”, - деди Алмазбек Атамбаев, азыр Кыргызстанда этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы ишке ашырылып жаткандыгын белгилеп өттү.

Андан тышкары Президент өлкөдө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди. “Биз диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын кабыл алдык, радикализмдин кескин өсүшүн токтотконго жетиштик. Бардык жарандар үчүн адилеттүү коом куруунун жолун көрсөтүп жатабыз. Эл динден тышкары демократиялык мамлекет куруу - туура жол экендигине ынана баштады”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн аркасында гана үч жылдын аралыгында бюджеттин киреше бөлүгүн эки эсеге, бажы жыйымдарынын көлөмүн үч эсеге көбөйтүүгө жетише алышкандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда алдыдагы парламенттик шайлоолордун өзгөчө маанисин баса белгиледи. “Быйыл парламенттик шайлоолорду таза өткөрүү абдан маанилүү, анткени 2,5 жылдан кийин жаңы Президентти шайлайбыз. Бизге жаңы Президент болушу өзгөчө мааниге ээ. Быйыл парламенттик шайлоолорду 2,5 жылдан кийин эл шайлоого эч шектенүүсүз баргыдай кылып өткөрүшүбүз керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Принц Карим Ага-Хан IV менен жолугушуу

2015-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Брюссель шаарында атайын Париж шаарынан келген Принц Карим Ага-Хан IV менен жолугушту.

Германияга расмий сапар

Германиянын Федералдык Президенти Йоахим Гаук менен жолугушту

2015-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаук менен жолугушту.

Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу

2015-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы түрдүү тармактардагы кызматташтыктын маселелери, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектри боюнча перспективалар талкууланды.

Ошол эле күнү түн оодарып Мамлекет башчысы Бишкекке кайтып келди.

2-апрель 2015-жыл
Басып чыгаруу