Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы -  Кыргыз Республикасынын Сот системасы кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу сот кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кылым карыткан тарыхыбыздын эң татаал учурларында карапайым мекендештерибиз адилеттик жана эркиндик үчүн өз өмүрүн аяган эмес. Кудайдын колдоосу жана элибиздин эрки менен бүгүн Кыргызстанда демократияны курууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бирок демократия мыйзамды сыйлоодон жана аны ыйык тутуудан башталарын унутпасак.  

Коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн ийгилиги, коомубуздагы бейпилдикти сактоо жана өлкөнүн өнүгүүсү сиздердин ишиңиздерге түздөн-түз байланыштуу экендиги талашсыз. Ошондуктан мекендештерибиз сиздерден  жарандык зор жоопкерчиликти  - калыстыкты, чынчылдыкты күтүп жатат.

Жараткандын колдоосу менен, биргелешип келечеги кең, өнүккөн өлкө куралы. Кыргызстанда адилеттүү, таза сот системасын түзөлү.

Урматтуу сот кызматкерлери!

Кесиптик майрамыңар күнү сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди каалайм! Кыргызстаныбызда тынчтык жана биримдик болсун!

Кыргыз Республикасынын       

Президенти                                                                            Алмазбек Атамбаев”

 

2013-жыл 5-март