Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Японияга расмий сапарынын жыйынтыктары

Японияга жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Император Акихито жана Императрица Митико менен салтанаттуу жагдайда жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Император менен Императрица Кыргызстандын Президенти менен Биринчи айымын жылуу кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташуу мындан ары чыңдала берээрине ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери Япония тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Япониянын Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Спикери Бунмэй Ибуки менен жолугушту

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Каныбек Иманалиев, Карганбек Самаков, Ыргал Кадыралиева, Нурбек Мурашев жана Азиз Суракматов катышышты.

Жолугушуунун жүрушүндө кызматташуунун ар түрдүү багыттагы маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Кыргызстанда жана Японияда парламенттик демократияны өнүктүрүү тажрыйбасы тууралуу кеп болду. “Парламенттик демократияны өнүктүрүүдө Япониянын зор тажрыйбасын эске алсак, парламенттер аралык кызматташууну активдештирүү эки тараптуу мамилелерге жакшы түрткү берет”, - деп белгиледи  Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы демократияны өнүктүрүүдө жана ири экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда Кыргызстан мындан ары да Япония  колдоо көрсөтөөрүнө ишенээрин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы расмий сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү - Япония Парламентинин Төмөнкү палатасынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Катсуюки Каваи, "Комэйто" партиясынын төрагасы Нацуо Ямагучи, JICA вице-президенти Киёши Кодера менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Япониянын ортосунда түрдүү багыттар боюнча кызматташуунун келечеги, тактап айтканда экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Саясый кызматташуу тууралуу айтып жатып, Алмазбек Атамбаев парламенттик демократия Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук  мамилелерди чыңдоонун негизи болуп саналаарын белгиледи.

Сапардын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту

Жолугушууну ачып, Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ Кыргызстан Япониянын маанилүү өнөктөшү экенин баса белгиледи. “Япония менен Кыргызстан демократия, эркиндик жана адам укуктары сыяктуу түптүү дөөлөттөрдү колдойт. Андыктан биз демократияны куруудагы Кыргызстандын күч-аракеттерин жогору баалайбыз”, - деп айтты Синдзо Абэ.

Япониянын Премьер-министри ошондой эле Кыргызстандын Президентинин Японияга расмий сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө кошумча дем берерине үмүттөнгөндүгүн билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирди жана бардык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстанга достук мамилени сезгендигин белгиледи.

“Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык өнүгө берет деген үмүттөмүн. Биз Япония менен мамилелерибизди кастарлайбыз жана эки элдин тең келечеги үчүн бул мамилелерди мындан ары да чыңдай бермекчибиз”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэни Кыргызстанга сапарга келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуу аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти менен Япониянын Премьер-министри “Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда достукту, өнөктөштүктү жана кызматташтыкты андан ары тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө” кол коюшту жана басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашты.

Сапардын жүрүшүндө төмөнкү документтерге кол коюлду:

-         Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;

-         Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  менен Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технологиялар министрлигинин ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Меморандум;

-         Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен  Япониянын Ички иштер жана коммуникациялар министрлигине караштуу өрткө жана бөөдө кырсыктарга каршы туруу боюнча Агенттиктин ортосундагы бөөдө кырсыктарды болтурбоо жагындагы кызматташтык жөнүндө Меморандум.

Президент Алмазбек Атамбаев Япониядагы Кыргызстандын достору менен жолугушту (2013-жылдын 28-февралы)

Жолугушууну ачып, мамлекет башчысы Кыргызстандын достору менен жылуу учурашты жана өлкөбүз Япониянын колдоосун жогору бааларын белгиледи. “Биз эң кыйын мезгилде Япония  2010-жылы Кыргызстанда өз элчилигин ачып, Кыргызстанга колдоо көрсөткөндүгүнө ыраазыбыз. Бизге Япония канчалык жакын экендигин биз унутпайбыз. Күн чыгыш өлкөсүндө Кыргызстандын ушундай достору бар экендигине биз абдан кубанычтуубуз. Мен Япония элине бакыт жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле экономикалык кызматташтык маселелерине токтолду. “Сырттан караганда эки революцияны баштан кечирген Кыргызстандын экономикасына инвестициялоо тобокелдүүдөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок Кыргызстан бардык сыноолордон өттү жана турукташуу жана демократиялык өнүгүү жолуна түштү. Ошондуктан инвестициялык долбоорлорду кылчактабай эле ишке ашыра берсе болот”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде “Мори Траст” корпорациясынын башчысы Мика Мори Президент Алмазбек Атамбаевге Японияга келгендиги үчүн ыраазылык билдирип, Япония менен Кыргызстандын элин бекем достук байланыштырып тургандыгын белгиледи. “Кыйратуучу жер титирөөдөн кийин жеткирилип берилген гуманитардык жардамы үчүн биздин Ассоциация Кыргызстан элине урмат көрсөтүү иретинде Кыргызстанга япониялык сакуранын көчөттөрүн жөнөткөн эле. Мен келечек муундар кыргыз жеринде көптөгөн сакураны көрүшүн тилеймин. Бул дарактын гүлдөрү биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди символдоштурат, биз бул мамилелер мындан ары чыңдалышын гана каалайбыз”, - деп айтты Мика Мори.

2013-жылдын 1-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев NHK (“Эн-Эйч-Кей”) япондук алдынкы телерадиоберүү корпорациясына интервью бергенден кийин «Осака-Кансай» эл аралык аэропортунан Бишкек шаарына учуп кетти.

Буга чейин мамлекет башчысы Японияга жасаган сапардын алкагында коштоп жүргөн  Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берген.

Ушуну менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Японияга жасаган расмий сапары аяктады.

 

2013-жыл 2-март