Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Коомдук коопсуздук министри Го Шэнкунду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 30-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АтамбаевКытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Коомдук коопсуздук министри Го Шэнкунду кабыл алды. 

Президент кытай делегациясын жылуу кабыл алып, Кыргызстан  эки өлкөнүн  ортосундагы калыптанып калган достук мамилелерди жогору бааларын белгиледи. Кытай Эл Республикасынын  жаңы жетекчилиги түзүлгөндөн бери жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар экендигин баса белгиледи.

«Кытай  салттарды бекем сактаган өлкө экендигин, ортодогу  мамилелерибиз чыңдалып, бекемдей берээрин билебиз. Биз биргелешкен жакшы долбоорлорду күтөбүз», - деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Министр Президентке жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин саламын айтты. Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусунун уюштурулушуна жогору баа берди.

”Биз Кыргызстанда жүргөнүбүзгө эки күн болду, ушул кыска  мезгилде өлкөдө коомдук стабилдүүлүк, экономикалык өнүгүү камсыз кылынып, калктын турмуш деңгээли жогорулап жатканын көрдүк”,- деди Го Шэнкун.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Президентти ШКУ Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымдады.

2013-жыл 30-апрель