Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттукттады.

“Катаал жана ырайымсыз душманга каршы бир катарда салгылашкан элдерибиздин эрдиги - Россия менен Кыргызстандын жалпы тарыхынын көөнөрбөс, унутулгус барактары. Согуш жылдарында ширелген достугубуз, мындан ары да биздин эки мамлекеттерибиздин ортосундагы өнөктөштүк  жана кызматташуу мамилелерин өнүктүрүү үчүн, КМШ, ЖККУ жана евразиялык мейкиндиктеги башка интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызматташууну чыңдоонун бекем негизи болуп берээрине ишенем,” - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чын дилинен ыраазычылык билдирип, чың ден- соолук  жана узун өмүр каалады.

2015-жыл 7-май