Президент Алмазбек Атамбаевдин Грузияга сапарынын жыйынтыктары

2016-жылынын 12-октябрында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Грузияга расмий визити болду.

Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  12 октябрда Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолукту.

Президент Алмазбек Атамбаевди Президенттик сарай алдынан  Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили  тосуп алды. Мамлекет башчылары көрүшүп учурашкандан кийин Кыргыз Республикысынын жана Грузиянын мамлекеттик гимндери аткарылды.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Георгий Маргвелашвили Ардактуу кароолдун ротасын кыдырып өтүштү.

Расмий жолугушуу аземинен кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу куттуктап, кыргыз лидеринин көптөн бери күтүлгөн Грузияга биринчи расмий визитине кубанып турганын белгиледи.

Тараптар бул визит бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу эки тараптуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө түрткү берерине ишенерин билдиришти.

Сүйлөшүүлөр жүрүшүндө  кыргыз-грузин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Грузия Президенти Георгий Маргвелашвилинин ортосунда кеӊейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Грузияга расмий визитинин алкагында  Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили менен кеӊейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Грузия Президенти өз өлкөсүнө келген Кыргызстан Президентин чын дилинен куттуктап, тарыхый визит деп атады.

«Мен биздин эки тараптуу мамилелерди тереӊдетүү үчүн ушундай мүмкүнчүлүккө ыраазымын», - деди Георгий Маргвелашвили.

Ал коопсуздук, экономика жана билим берүү боюнча келишимдерге кол коюу эки тараптуу катнаштарды тереӊдетүүгө түрткү берерине ишенерин билдирди.

«Ар кайсы саммиттерде жана жолугушууларда президент менен көзмө-көз жолугуп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүбүз аз болду. Азыр калыптана баштаган достук мамиле менен ымала биздин өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик дагы, маданий жана коомдук дагы деӊгээлде алака-катыштарды жандантат  деп ишенем», - деди Грузия Президенти.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев жылуу кабыл алганы үчүн Георгий Маргвелашвилиге ыраазылыгын билдирди.

«Мен Тбилисиге келгениме кубанып турам. Шаар, албетте, мага абдан жакты. Ал көп фильмдерден, китептерден көрүп, окуп мен элестеткендей экен. Мен бала чагыман грузин китептерин, ырларын көп окугам. Сиздин кеӊсеге жакын келгенде  Николоз Бараташвилинин эстелиги турат. Эртеден бери символикалык иш чаралар болду, биз курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койдук, ошондо мен маркум фронтовик атамды эстедим. Балким, атам мене кошо грузиндер да согушкандыр”, - деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаевдин белгилешинче, эки өлкөнү көп нерсе байланыштырып турат. “Сиздер менен бирге койгон максттарды ишке ашырууга тийишпиз деп ойлойм.  Андан башка да, сиздерден көп нерсени үйрөнгүбүз келет», - деди Алмазбек Атамбаев.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-грузин кызматташтыгынын эки тараптуу өз ара иш-аракеттеринин бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Эки тараптуу документтерге кол коюу аземи

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Грузияга расмий визитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болду.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Грузия Президенти Георгий Маргвелашвилинин катышуусу менен төмөнкү документтерге кол коюлду:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Грузиянын Ички иштер министрлигинин ортосунда кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташтык жөнүндө  макулдашуу;

Кыргыз Республика Ички иштер министрлигинин академиясы менен Грузия Ички иштер министрлигинин академиясы ортосунда полициялык билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Грузия Ички иштер министрлиги ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Грузиянын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда Билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Георгий Маргвелашвили биргелешкен пресс-конференциясы 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен  Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили кеӊейтилген курамда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен пресс-конференция өткөрдү.

Мамлекет башчысы Грузияга расмий визит менен келүүгө чакыргандыгы жана жылуу күтүп алгандыгы үчүн чын дилинен ыраазылыгын билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Грузиядагы соңку ондогон жылдардагы демократиялык кайра түзүүлөр жана жетишкен баалуулуктар өз өлкөсүнө да жакын экенин белгиледи.

«25 жылдан ашык мезгилден бери эгемен мамлекеттүүлүгүн куруп жаткан Кыргызстан эки жолу оор сыноодон намыс менен чыкты. Өткөн солкулдоолор, албетте, өлкөбүздүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизди. Бирок бүгүн биз президенттик-парламенттик республиканын шартында демократиялык коомубузду бекемдеп жатабыз. Ошону менен катар өлкөдө башкаруунун парламенттик системасын куруу боюнча кийинки кадамдарга камдануудабыз. Кудай буюрса, декабрда ал да болот», - деди Кыргызстан Президенти.

Ошону менен катар бүгүн эки тараптуу байланыштардын күн тартиби ар түрдүү чөйрөлөрдү камтыганын белгиледи.

«Биз өз ара экономикалык иш-аракеттерге байланышкан маселелерди талкууладык. Албетте, бүгүнкү товар жүгүртүү деңгээли бизди канааттандырбайт. Жолугушууларда ошондой эле укук коргоо органдарын реформалоодо, туристтик потенциалды өнүктүрүүдө, экспортко багытталган биргелешкен ишканаларды түзүүдө, гидроэнергетика жана башка тармактарда кызматташтыктын перспективалары талкууланды», - деген Алмазбек Атамбаев Кыргызстан мындан ары да Грузиядан көп нерсени үйрөнүүгө тийиш экенин кошумчалады.

Президенттин айтымында, сүйлөшүүлөрдө кызматташтыктын маданий-гуманитардык аспектилери өзүнчө каралды. “Мында жакшы жылыш бар. Быйыл сентябрда Ысык-Көлдө өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына грузин спортсмендеринин активдүү катышуусу жакшы мисал”, - деди Алмазбек Атамбаев.

«Бүгүн кабыл алынган чечимдер, ачык жана ишенимдүү талкуулар биздин өлкөлөр ортосундагы катнаштарды өнүктүрүүгө чоң салым кошот», - деп белгилөө менен Алмазбек Атамбаев жылуу кабыл алгандары үчүн ыраазылыгын билдирди. Мамлекет башчысы Грузия Президентин ыңгайлуу учурда Кыргыз Республикасына визит менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде Георгий Маргвелашвили визити үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазылыгын жолдоп, ал чынында эле тарыхый болгонун белгиледи.

«Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык мүнөздөгү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Биз кыргыз өнөктөр менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө көмөкчү болгон бардык чөйрөлөрдө кызматташууга даярбыз. Евразиялык транспорттук коридордун жана Жибек жолу долбоорунун маанисине көӊүл бурдук. Ошондой эле туризм жаатында маселелерди талкууладык. Мындан тышкары бүгүн экономика, билим берүү жана коопсуздук тармактарында биздин катнаштарды өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган бир нече келишимдерге кол койдук. Биз ошондой эле укук коргоо органдары чөйрөсүндө кызматташтыктын, ошондой эле биздин региондо тынчтыкты камсыз кылуу  маселелерин карадык», - деди Георгий Маргвелашвили.

Президент Г.Маргвелашвили  Кыргыз Республикасы Грузиянын ишенимдүү досу жана өнөгү болуп калганын белгиледи. «Бүгүнкү визит аны ырастайт.  Бул визит биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереӊдетүүгө өбөлгө болот деп ишенем», - деп жыйынтыктады сөзүн Грузия лидери.

Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили Кыргызстанга визит менен келүүгө чакыргындыгы үчүн Президент Алмазбек Атамбаеваге ыраазылыгын билдирип, чакырууну канааттануу менен кабыл аларын кошумчалады. 

Грузия Премьер-министри Георгий Квирикашвили менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 13-октябрда Грузия Премьер-министри Георгий Квирикашвили менен жолукту.

Тар чөйрөдө жолугушуудан кийин сүйлөшүүлөр кеңейтилген курамда уланды.

Грузия Премьер-министри Георгий Квирикашвили  Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу куттуктап, эки өлкө элдеринин ортосунда көп жалпылыктар бар экенин белгиледи.

«Сиздин келишиңизге мен кубанычтамын. Кыргызстан менен Грузия элдери байыркы  цивилизациялардын өкүлдөрү болуп саналышат.  Бизди көп нерсе байланыштырып турат, ошондуктан соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн бизде чоң потенциал бар деп ойлойм», - деп белгиледи Грузия Премьер-министри.

Жолугушуу Президент Алмазбек Атамбаевдин Грузияга расмий визити ар кыл багыттардагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берет деген ишеним айтылды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Грузия ортосунда ар түрдүү чөйрөлөрдө өз ара кызыгууну жараткан маселелер талкууланды.

 

 

13-октябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу