Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти: 

“Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын кадырлуу мусулмандары! 

Бардыгыңыздарды ыйык Орозо айынын аякташы жана көптөн күткөн айт майрамы менен куттуктайм!

Орозо айы – руханий тазаланууга, пейилди оңоп,  жакшылык жасоого умтулуу. Көңүлдөгү таарынычтарды кечип, сабырдуулукка жана кайрымдуулукка чакыруу. Элдин биримдигин, ынтымагын  жана жергебиздеги тынчтыкты баарынан жогору тутуу.

Нечен кылымдап калыптанган  ислам дининдеги  мына ушул руханий дөөлөт адам баласын ар дайым алдыга, жакшылыкка жетелеп, жаш муунду туура жолго чакырып  турат.

Адамзаттын мына ошол мыкты дөөлөттөрү Кыргызстаныбызды улам жаңы бийиктикке көтөрүүгө өбөлгө түзсүн. Ылайым ыйык Орозо айында сиздер  ниет кылган жакшы тилектердин бардыгы кабыл болсун!

Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч алып келсин. Жерибизге тынчтык, элибизге ынтымак жана биримдик берсин!

Айтыңыздар маарек болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                  Алмазбек Атамбаев”

 

2015-жыл 16-июль