Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыктары

2017-жылынын 28-февралында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий визити болду. 

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  өлкөгө расмий  сапар менен келген менен жолугушуусунун расмий аземи болду.

Флагштоктордо Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Эки Президенттин жолугушуусунун расмий аземинен кийин ардактуу кароол менен учурашып, эки өлкөнүн өкүлдөрү менен таанышкан соң Мамлекеттердин башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр өтө турган бөлмөнү көздөй бет алышты.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушуу

Жолугушууда Мамлекет башчысы Россия Президенти менен жылуу учурашып, эки тараптуу кыргыз-россиялык мамилелер маселелерин талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө абдан кубанычтуу экенин белгиледи.

«Анын үстүнө быйыл 19-ноябрда бизде өлкөбүздүн жаңы Президентин шайлоо болоорун билесиз, жана мен эмитен жыйынтыктарды чыгара баштадым. Сиз менен бирге Кыргызстан менен Россия ортосундагы мамилелерди туура нукка кайтарганыбызга кубанам, ал гана эмес, биздин мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрө алдык. Өткөнү да, болочогу да бир болуп эсептелген эки өлкө үчүн татыктуу деңгээлге жеткире алдык. Бир тууган элдердин ортосундагы мамилелердин деңгээлине көтөрө алдык. Сизди Кыргызстанда көргөнүмө кубанычтуумун», - деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Россия Президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди.

«Чынында эле Сиз биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер ыкчам өнүгүп, сапаты жакшырышы үчүн көп эмгек сиңирдиңиз. Бүгүн бизде бардык багыттар боюнча кенен-кесир сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кыргызстан биз үчүн абдан маанилүү өнөктөш бойдон калууда жана соода-экономикалык чөйрөдө Россия биринчи орунду ээлерин белгилөө биз үчүн жагымдуу», - деди Владимир Путин. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россия мамилелеринин бүтүндөй комплекси, ар кайсы чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен өлкөгө расмий  сапар менен келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү болду.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен кеңири курамдагы сүйлөшүүлөр

Кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Мамлекет башчысы Россия Президентин кыргыз жергесине келиши менен жылуу куттуктады. “Биздин жолугушуу эки өлкө ортосундагы мамилелердин орнотулушунун 25 жылдык юбилейинин алдында өтүп жатышы символикалуу маниге ээ. Бул датаны биз быйыл 20-мартта белгилейбиз. Мындан ары да жалпы тарыхы бар эки бир тууган элдерибиз, биздин өлкөлөрүбүз стратегиялык союздаш жана өнөктөш бойдон калаарына мен бекем ишенем », - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу менен кыргыз-россиялык мамилелер ишенимдин жана кызматташуунун мурдагыдан да жогорку деңгээлине өтүп жатканын белгиледи. “Мен россиялык тарапка жана Владимир Владимирович Путинге ушул кыйын, өткөөл мезгилде, биздин өлкөбүз жаңы шарттарга ыңгайлашып жаткан кезде көрсөтүп жаткан жардамы жана колдоосу үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем, - деди  Алмазбек Атамбаев. – Россия Прездентинин саясий эрки менен гана 500 миллион АКШ долларлык уставдык капиталы бар Россиялык-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн мен ачык айта алам. Андан тышкары, ошол учурда россиялык тарап Кыргызстанды ЕАЭБга интеграциялоо маселелерин чечүүү үчүн тийиштүү жабдууларды жана программаларды алып келүүгө техникалык жардам катары 200 миллион АКШ дооларын бөлүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ошондуктан ар кандай имиштерге, ушактарга карабастан, биз эң туура кылганыбызга мен ишенем. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу – бул эң туура жол. Ошондой эле бир тууган Россиянын жардамы менен биз жылдын аягына чейин ЕАЭБге толук кошулуу боюнча калган маселелерди чечип, майда-барат тоскоолдуктарды жоёбуз деп ишенем. Бүгүнкү жолугушуу, образдуу айтканда, сааттарыбызды тууралап, биздин кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды аныктоого мүмкүндүк берет».

Өз кезегинде Россия Президенти Владимир Путин жылуу кабыл алуусу үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди. «Сиз быйыл биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдыгын эске салдыңыз. Бул жылдар ичинде Россия менен эгемендүү Кыргызстан ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө узун жолду бастык. Бул жол жөнөкөй болбогону менен көп иштер жасалды. Мамлекеттүүлүктүн бутуна турушу оңой-олтоң өтүп жаткан жок. Ошого карабастан, Кыргызстанда туруктуулук орногону бизди кубандырат. Өлкөнүн демократиялык калыптануу процессинин кандай өнүгүп жатканы кубандырат. Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр кандай кыйынчылыктар менен коштолгонун биз билебиз. Президент Кыргызстандын кызыкчылыктарын эмоционалдуулук менен жана бекем коргогону эсибизде, - деди Владимир Путин. – Мындай сүйлөшүүлөр – бул ар дайым процесске катышкан бардык тараптарды канааттандырган компромисс. Бирок быйыл Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылаарын белгилегим келет  жана биз бул процессти ар тараптан колдойбуз. Сиз азыр эле Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу процессинин жумшак өтүшү үчүн жана өлкөнүн экономикасы бул интеграциялык бирикме жашап жана өнүгүп жаткан эрежелерге ыңгайлашуусу үчүн биз атайын түзгөн каражаттар жана механизмдер тууралуу айттыңыз».

«Биз бүгүн Сиз менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүнө, буга чейин биргелешип иштеп чыккан пландар тууралуу сүйлөшкөнүбүзгө кубанычтабыз. Сиз айткандай, бүгүн сааттарыбызды тууралап алдык, эми алдын-ала иштеп чыккан пландарыбызды жүзөгө ашыруу үчүн бардыгын жасашыбыз керек», - деди сөзүнүн аягында Владимир Путин.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 28-февралда эки тараптуу кыргыз-россиялык документерге кол коюу аземи болуп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жана Россия Президенти Владимир Путиндин катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана РФ Президенти Владимир Путиндин Биргелешкен билдирүүсү;

- Евразия экономикалык биримдигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө 2015-жылдын 31-мартындагы КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;

- КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен РФ Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адам эсенчилигин сактоо чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматтын ортосундагы инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандум .

Тар жана кеңири курамдардагы сүйлөшүүлөр аяктаган соң Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана өлкөгө расмий  сапар менен келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин биргелешкен басма сөз конференциясын беришти.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев Президент Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапары – бул маанилүү окуя экенин баса белгиледи.

«Бул сапар эки өлкө ортосундагы мамилелердин орнотулушунун 25 жылдык юбилейинин алдында өтүп жатат. Бул дата быйыл 20-мартта белгиленет. Бүгүн тар жана кеңири курамдардагы жолугушууларда эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бардык спектри талкууланды. Бардык маселелер боюнча биз толук өз ара түшүнүшүү таптык. Экономика, коопсуздук, аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү маселелер, анан, албетте, Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык маселелер талкууланды. Биз башка маселелер боюнча да, анын ичинде эл аралык мамилелер боюнча да пикир алмаштык. Эл аралык маселелерде биздин өлкөлөрдүн позициялары толук дал келет, же болбосо өтө жакын. Биз мурда жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүн да талкууладык. Мени жана кыргыз өкүлчүлүгүн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары толук канааттандырат. Бул үчүн россиялык өкүлдөргө ыраазычылык билдиребиз», - деп, Мамлекет башчысы жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча эки тараптуу документтерге кол коюлганын белгиледи.

Сөзүнүн аягында Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келгени жана көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн Россия Президентине ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Россия Президенти Владимир Путин Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөр мурда калыптанып калган салт боюнча ишкердүү жана конструктивдүү кырдаалда өткөнүн баса белгиледи. «Биз өз ара аракеттешүүнүн жана кызматташтыктын бүт комплексин кылдат талкууладык, болочокто биздин өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү боюнча ачык-айкын пландарды белгиледик.  Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү экенин адегенде эле баса белгилеп койгум келет. Бизди мезгил сыноосунан өткөн достук жана чыныгы союздаштык байланыштар бириктирип турат, - деди Владимир Путин. – Биздин өлкөлөр көп тармактуу жана өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулушат. Биз бүгүнкү күндүн кыйынчылыктарын, сооданын басаңдоосун биргелешип жеңип, бул милдеттерди чечүү үчүн ачык-айкын чаралардын комплексин иштеп чыгууга даярбыз.  Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү берген артыкчылыктарды мүмкүн болушунча толугураак пайдаланууну шартташтык. Бажылык, санитардык жана фитосанитардык тоскоолдуктарды алып таштоо соодада да, өнөр жайында жана айыл чарбасында да тыгыз интеграциялык байланыштарды түзүүгө көмөк болушу керек», - деди Владимир Путин.

Россия Президенти бул артыкчылыктарды натыйжалуу пайдалануу менен Кыргызстан өткөн жылы жакшы жыйынтыктарга жетишкенин белгиледи.  «Ички дүң продукция 3 пайыздан ашыкка, ал эми өнөр жайы 4 пайыздан ашыкка өстү. Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ыңгайлашуу процессинде Россия Кыргызстанга активдүү жардам берүүдө. Бажы инфраструктурасынын объектилерин модернизациялоо жана чек ара пункттарын жакшыртуу үчүн Кыргызстанга суммасы 200 миллион долларлык жардам берилди.

Эки тараптуу өнүктүрүү фонду иштеп жатат. Уставдык каптиталы 500 миллион АКШ долларлык бул уникалдуу каражат 2014-жылы түзүлгөн. Россия Кыргызстанга бюджетти турукташтыруу максатында көмөк көрсөтүп келет», - деди Владимир Путин.

Биргелешкен  басма сөз конференциясы учурунда Президент Алмазбек Атамбаев  жана Россия Президенти Владимир Путин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

 

1-март, 2017-жыл
Басып чыгаруу